«Абдуллага 24 400 долларга үй сатып бердик»  

Клара ТУКУБАЕВА, “Нурлуу-Кайрымдуу кыздар” жамаатынын мүчөсү:

 “Дордой” базарында иштеген “Нурлуу-Кайрымдуу кыздар” жамааты ушул жылдын 21-мартында түзүлүп, ага жети дубандан жетимиш мүчө кирип, карантиндин алгачкы күнүнөн тартып, өз жандарынан акча каражатын чогултуп, жардамга муктаж жарандарыбызга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келишет. Март айынан ушул күнгө чейин алар кайрымдуулук иштерине 10 млн.сомго жакын каражат жумшашкан.

– Бул – биздин жарандык парзыбыз, – дейт бизге берген маалыматында Клара Тукубаева. – Пандемияга чейин эле дарыга түгүл, нанга жете албай жашап жаткан үй-бүлөлөр бар болчу. Ал эми карантиндин башталышы менен канчалаган жарандарыбыз ишсиз, ашсыз калды. Булардын баарын көрүп туруп, “Дордой” базарын-да иштеген айымдар чогулуп, ушул жамаатты түзүп, кыйын учурда элибизге колубуздан келишинче жардамыбызды берели. Салымыбызды кошолу” дедик. Клара айым андан бери 500дөн ашык үй-бүлө азык-түлүк таратылганын маалым кылды.

– Мындан сырткары, ковид жана өпкөдөн кагынуу оорусуна чалдыккан мекендештери- биз үчүн чогулткан акчабыздан 1 млн. сомго концентрат таппаратын сатып бердик жана муктаждарга дары-дармек тараттык. Ошондой эле, Кыргызстан боюнча “трахеостома” деген кыйын оору менен күрөшүп жаткан 8 бала бар экен, аларды көзөмөлгө алып, колубуздан келишинче жардамыбызды берип жатабыз. Анын ичинде Абдулла деген балага Ак-Босого айылынан 24 400 долларга үй алып бердик. Клара Тукубаеванын айтымында, оор илдет менен күрөшүп келе жаткан Абдулланын апасы Гүлкайыр беш баласын жалгыз багып келет жана учурда кайрымдуу адамдарга ыраазычылыгын айтып түгөтө албай турган кези.

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”