Абай КУНАНБАЙ уулу: «Адам баласын заман тарбиялайт…»

Казактын классик акыны, жазма адабиятынын негизин түзүүчү, агартуучу, улуу ойчул Абай Кунанбай уулунун туулганына быйыл 175 жыл. Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин сунушу менен Казакстан Республикасынын Өкмөтү үстүбүздөгү жылдан баштап 10-августу «Абай күнү» деп атап өтүүгө атайын токтом кабыл алды.

 

Белгилей кетсек, мамлекет башчы өткөн жылдын 30-майында Абай Кунанбай уулунун туулган күнүнүн 175 жылдык мааракеси жөнүндө жарлык чыгарып, ага татыктуу даярдык жүргүзүү тууралуу Өкмөткө тапшырма берген. Ошондон бери Казакстанда юбилейге карата ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп келет, жалпыга маалымдоо каражаттарында жүздөгөн макалалар жарыяланып, Абайдын чыгармалары көп сандаган нуска менен басмалардан жарык көрүүдө. 2020-жылы республикада Абай жылы болуп жатат десек да болот. Жылдын башында Президент К.Токаев өлкөнүн башкы гезити, таралуусу 200 миң даана болгон «Егемен Казакстан» гезитине «Абай жана ХХI кылымдагы Казакстан» деген көлөмдүү макаласын жарыялады. «Интеллектуалдуу улуттуу калыптандыруу идеясы Абайдан башат алды. Улуу ойчул ар бир сөзү менен улуттун ой-өрүшүн өстүрүүнү көздөдү. Ошондуктан, Абайды терең таанууга баса маани бергенибиз жөн. Абайды таануу – адамдын өзүн-өзү таануусу. Адамдын өзүн-өзү таануусу жана дайыма өнүгүп отуруусу, илимге, билимге артыкчылык берүүсү – адамдын баралына келүүсүнүн көрүнүшү. Интеллектуалдуу улут дегенибиз да – ушул. Ошондон улам, Абай сөздөрү урпактын багыт алчу Темир казык жылдызына айлануусу зарыл», – деп жазды мамлекет башчысы макалада.

Абай (Ибрахим) Кунанбай уулу 1845-жылы 10-августта (эски жыл санак боюнча -29-июль) Чыгыш Казакстан облусунун (мурунку Семей уезди) Жидебай айылында дүйнөгө келген. Атасы Кунанбай ажылыкка барып келгенден кийин өз айылына жакын «Эскитам» деген конушта медресе салдырып, өзүнүн жана айылдаштарынын балдарын ошондо окуткан. Абайды сегиз жашында ушул медресеге берген, зиректиги менен көзгө түшкөн аны 10 жашында Семей (ал кездеги жана совет жылдарындагы аталышы – Семипалатинск) шаарындагы Ахмет Риза медресесинде 3 жыл таалим алдырат. Андан соң шаардагы «Приходская школада» 3 ай окуп, орусча кат тааныйт.

Абай бала чагында чоң апасы Зеренин тарбиясында болот. Зере жана Абайдын анасы Улжан элге сыйлуу, өрнөктүү кишилерден болгон. Абайдын атасы – Кунанбай эл бийлеген, казактын белгилүү инсандарынын бири. Ал Абай 13 жашка чыкканда жанына ээрчитип, Абайдын турмуштун кыр-сырын эрте таануусуна өбөлгө түзгөн.

Абай атасынын таасири менен отуз жашында болуш болуу үчүн шайлоого катышып, жеңип чыгат. Ошентип, 1875-78-жылдары Семей уездинин Коңуркөкчө аймагына болуш болот. Адилетсиздикке, теңсиздикке, паракорлукка каршы жалгыз күрөшкөн Абай бир өзү жеңе алмай тургандыгын түшүнүп, эл бийлөө ишинен баш тарткан. Анан өзүнүн чыгармачылыгын, ырларын күрөшүүнүн бир куралы катары пайдаланган.

«Болуш болдум мынакей,

Бар малымды чыгымдап.

Төөмдө ком, атта жал

Калбады элге тыгындап.

Ошентсе да элимди,

Кармай албадым мыктылап.

Күчтүүлөрүм сөз айтса,

Башымды ийем кымылдап.

Алсыздын сөзүн – кош көңүл,

Чала уктум кыйтыңдап.

Съезд бар десе жүрөгүм,

Корко берет зуулдап.

Башкаларга сыр бербей,

Калп эле күлөм жымыңдап», – деп Абай болуштуктун сыпатын ырында таасын чагылдырган.

Абайдын болуш болгонун айтканда, мыйзам чыгаруу ишине катышканын да айтпай кете албайбыз. 1885-жылы май айында Семейдин генерал-губернатору Цеклинский губернияга караган 5 уезддин 100дөн ашуун бий-болуштарын жыйнап, Карамолдо деген айылда съезд өткөрөт. Ушул съездге атайын чакырылып, төбө бий болуп шайланган Абайга «Семей казактары үчүн кылмыштык иштерге каршы мыйзам эрежесин» иштеп чыгуу тапшырылат. Абай комиссия түзүп, 93 беренеден турган эрежени бийлер менен акылдашып, 3 күн, 3 түн жазып даярдаган. Бул уурулук, кылмыш жана аял укуктары боюнча ошол мезгилде өтө маанилүү мыйзамдык документ болгон.

Абай мектепте аз убакыт окугандыктан, өз алдынча билимин жетилтүүгө күчүн жумшады. Араб, парсы жана чагатай тилдерин жаштайынан өздөштүрдү, Низами, Сагди, Хожа Хафиз, Науаи, Физули Жами жана башка да Чыгыштын алп акындарынын ырларын жатка айта турган. Орус тилин терең үйрөнүп, А.Пушкин, А.Герцен, М.Салтыков-Щедрин, Н.Некрасов, М.Лермонтов, Л.Толстой, И.Крылов, Ф.Достоевский, И.Тургенов жана Н.Чернышевский сыяктуу орустун улуу акын-жазуучуларынын жана сынчыларынын, ошондой эле Батыштын орус тилинде жарык көргөн Гетенин, Дж. Байрондун, У.Шекспирдин чыгармаларын окуган. Замандаштарынын эскерүүсүнө караганда, ал байыркы грек философтору Сократ, Аристотель, Спиноза, Спенсердин жана окумуштуу Чарльз Дарвиндин эмгектери менен тааныш болгон.

Жашы отуздан ашканда Абай ошол кезде Семейге айдалып келген орус демократтары менен таанышат. Е.Михаэлис, И.Долгополов, А.Леонтьев сыяктуу орус интеллигенциясынын өкүлдөрү менен достошуу анын өмүргө деген көз карашын кеңейтет, Батыш маданиятынын терезеси ачылат.

Абай ыр жазууну 10 жашында («Ким экен деп келген элем төө кууган») баштаган. Алгачкы ырларын элге ылакап аттары менен тараткан. Абай кырк жашынан ашканда акындык жолго биротоло түштү.

1886 жылы жазылган «Жаз» (кыргызча – «Жай мезгили») деген ырына биринчи жолу өз ысымын коёт. Жылдын төрт мезгилинин көрүнүштөрүн көз алдыга эрксиз элестете турган Абайдын ырларынан үзүндүлөрдү келтирели:

Жазгытуру

Жазгытуру жоголот кыштын сызы,

Тукабадай кулпурат жердин жүзү.

Жан-жаныбар, адамзат кыбыраса,

Ата-энедей элжирейт күндүн көзү.

Жазга жакшы кийинишет кыз-келинчек,

Жер бетине өң берет гүл-байчечек.

Тоодо торгой сайраса, сайда булбул,

Ташта отурган үн кошот куттук-көкөк.

Жай

Жайкы чилде болгондо,

Көк орой чалгын, байчечек,

Узарып, өсүп толгондо,

Күркүрөп жаткан өзөнгө,

Айыл көчүп конгондо,

Чуркурап жаткан жылкынын,

Чалгындан жону кылкылдап,

Ат, айгыр бээлердин,

Бүйүрү чыгып, ыңкылдап,

Сууда туруп чымындап,

Куйрук менен чылпылдап,

Арасында кулун-тай,

Айлана чаап бултулдап,

Өйдө-төмөн өрдөк-каз,

Учуп турса зымпылдап,

Кыз-келиндер үй тигер,

Бурала басып былкылдап…

Күз

Сур булут өңү суук, жабык асман,

Күз болсо, нымдуу туман жерди баскан.

Билбеймин, тойгонубу, тоңгонубу,

Жылкы ойноп, бээ жалт берип, тай жарышкан.

Жашыл чөп, байчечекей жок мурункудай,

Жүгүрбөйт, балдар күлбөйт, мурункудай,

Кайырчы кемпир-чалдай түсү кетип,

Айрылган жалбырактан жыгач, куурай.

Кыш

Ак кийимдүү, денелүү, ак сакалдуу,

Сокур, дудук, тааныбас тирүү жанды.

Үстү-башы ак кыроо, түсү суук,

Баскан жери кычырап келип калды.

Дем алышы – үчкүрүк, аяздуу, кар,

Кары кудаң кыш келип алек салды.

Телпейген тебетейин жапырайтып,

Аяз менен кызарып ажарланды.

Абайдын табият тууралуу бул ырларынын котормосу залкар акын Аалы Токомбаевге таандык. Аалы Токомбаев жана Жоомарт Бөкөнбаев Абай ырларын 1930-1940-жылдары кыргызчага алгач ирет которгондордун катарында. А.Токомбаев 1954-жылы «Абайдын ырлары», 1970-жылы «Абай. «Менин элим» деген аталышта Абайдын ырларын китеп кылып чыгарган.

Негизи, Абайдын чыгармачылыгын алты топко бөлүүгө болот: 1. Ырлары, 2. Поэмалары – «Ескендир», «Масгут» жана «Азим аңгемеси». 3. Котормолору – Пушкинден, Лермонтовдон, Крыловдон. 4. Макаласы – «Бир аз сөз казактын түбү кайдан чыкканы тууралуу». 5. Кара сөздөрү (Накыл сөздөрү). 6. Композиторлугу – «Сегиз аяк», «Айттым салам, Калемкаш», «Желсиз түндө жарык ай» ж. б.

Абай поэзиясынын өзөгүн түзгөн илимбилим, эмгек, адамгерчилик тарбиясы темалары кара сөздөрүндө жалгашын тапкан. 45 сөздөн турган Абайдын накыл кептеринин Отуз жетинчи сөзүнөн үзүндүлөр (Которгон жазуучу Айдарбек Сарманбетов):

– Даанышман сөздөр өзүмчүл наадандарга айтылганда, көңүл кубантканы да болот, өчүргөнү да болот.

– Кишинин билимине карата жан тарт; акылсызга жан тартуу өзүңдү бузат.

– Атасынын баласы – адамдын душманы. Адамдын баласы – бооруң.

– Өзүң үчүн эмгектенсең, өзү үчүн оттогон айбандын бири болосуң; адамдык касиеттин карызы үчүн эмгек кылсаң, Алланын сүйгөн кулунунун бири болосуң.

– Адам баласын заман тарбиялайт, кимде-ким жаман болсо, анын замандаштарынын баары күнөөлүү.

– Мен эгерде закондун күчү колумда бар киши болсом, адам мүнөзүн түздөп болбойт деген кишинин тилин кесер элем.

Чыгармалары ХХI кылымдагы «казак коомунун күзгүсү» болгон Абай Кунанбай уулу 1904-жылы дүйнөдөн өттү. Айылы Жидебайдагы өзү турган үй азыр адабий мемориалдык музей.

Абайдын 175 жылдыгынын урматына Кыргызстанда да бир топ иш-чаралар өткөрүлдү. Аларга Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укукту элчиси К.Нурпеисов жетектеген элчилик демилгечи болду. Атап айтканда, өткөн жылдын күзүндө Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде Абайга арналган илимий конференция өттү. Аны утурлап, элчиликтин колдоосу менен кыргыздын белгилүү жана азыркы жаш акындары которгон Абайдын ырлары «Өлөң сөздүн падышасы» деген аталышта жарык көрдү. Быйыл да Абайдын чыгармачылыгына арналган бир нече он-лайн конференциялар өткөрүлдү. Жазуучу Айдарбек Сарманбетов которгон Абайдын кара сөздөрү жана ырлары казак элчилигинин демөөрчүлүгү менен жарык көрдү. Кеңсеси Астанада жайгашкан Эл аралык түркү академиясынын колдоосу менен Бишкекте Абайдын кыргыз тилиндеги алгачкы академиялык фундаменталдуу жыйнагы басмадан чыкты.

«Өлдү дешке болобу, ойлонгула,

Өлбөй турган артында сөз калтырган», – деп Абайдын өзү айткандай, анын сөздөрү мындан ары да далай кылымдарды карыта бермекчи.

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу»