Өкмөт башчы Курулуш агенттигинин жетекчи орун басарын жыйындан кууп чыкты

Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жоюуга арналган жыйында, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, социалдык объектилерди курууга каражат бөлүнгөнүн айтып, бирок курулуш иштери башталбай жатканын сынга алды. Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин – директорунун орун басары Алмазбек Абдыкаров бул багытта так маалыматтарды айта алган жок. Өкмөт башчы кырсык болгон жерде жашаган калк светсиз, суусуз отурганына жоопкерчиликсиз жетекчилер айыптуу экенин айтты. Курулуш агенттигинин жетекчи орун басарын жыйындан кууп чыкты. Тез аранын ичинде тиешелүү кызмат жетекчилерин чогултуп ишти баштоону буюрду.

«Акча бөлүнгөн, кол коюлган. Эмнеге ишти баштабай жатасыңар? Чоң-Алайга барып көрсөңөр эл ичкенге суусу жок, ооруса бара турган оорукана жок. Жаңы төрөгөн аялдар чатырда жатат. Жолу оңдоло элек. Ушундай болуп жатса эл кантип өкмөткө ишенет? Кептин баары жоопкерчиликсиз жетекчилерде жатат. Тез арада бардык тиешелүү жетекчилерди жыйынга чогултуп, тапшырма берип ишти баштагыла. Кызматтан алсам, жөн жерден алды деп айтып чыгасыңар. Күйүп койбойсуңарбы ал жердеги элдин тагдырына?»

Эске салсак, Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жер көчкү жүрүп, 24 адам анын алдында калган. Ушул эле жылдын 3-5-май күндөрү Чоң-Алай районунда, Баткен облусунун Кадамжай районунда жер титирөө болуп, турак жайларга жарака кетип, үйлөр кооптуу абалга келген.

Булак: «Марал»