Орозо айт 26-июнга белгиленди

26-июнь, дүйшөмбү күн Орозо айт деп белгиленди. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. 

Ислам шариятында Орозо айт күнү жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат.  Андыктан, көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмаланып калса, 25-июнь күнү Орозо айт болушу мүмкүн экендигин Муфтият эскертет.

Ал эми, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин билдиргенине ылайык 26-июнь эс алуу күнү деп жаряланды.