21-июнга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча 21-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +28…+33;

Таласта жергесинде +12…+17, күндүз +27…+32;

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35 градуска чейин көтөрүлөт.

Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30;

Нарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30 градус ысык болот.

Ал эми Бишкекте 21-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +31…+33 градуска көтөрүлөт.