БУУнун айтканын угуп буудай камдайлы

Быйыл капысынан эле ун баасы кескин көтөрүлгөндө эл “нан болсо ыр да болот” дегенди эстегендей болду. Жыл башында көтөрүлгөн ун азыр да арзандабай турат. Бүгүнкү күндө 1-сорттогу бир мүшөк ун 1600 сомдун тегерегинде болсо, унга жарактуу буудайдын баасы 20-25 сом. Ошол эле кезде Кыргызстандан өндүрүлгөн буудай сыртка ташылып кетип жатат

 Айыл чарба, азык-түлүк жана мелиорация министрлиги жакында эле быйыл Кыргызстанда 680 миң тонна буудай түшүмү алынарын, кийинки жылы аны 1 млн. тоннага жеткирүү максаты бар экенин маалымдады. Ошондой эле 2020-жылы Талас, Чүй облусунда быйыл арпа, буудай түшүмү жакшы болуп гектарынан 28-29 центнерден эгин алыныптыр. Ошондо былтыркыга салыштырмалуу дан эгиндери гектарынан 3 центнерге көп болгон.

Албетте, түшүмдүн мол болгону жакшы. Бирок, союз кезиндегидей ар бир айылда бирден статист болбогондон кийин бул маалыматтын так экенин айтуу кыйын. Анын үстүнө быйыл жаан-чачындын көптүгүнөн улам Россиянын түштүгүндө буудайдын түшүмдүүлүгү 35 пайызга кыскарып, күндүн катуу ысыгандыгынан улам Казакстан, Тажикстанда дан эгиндеринин түшүмү начар болуп жатса буудай аянттары кескин кыскарып кеткен, жайы жаан-чачындуу болгон Кыргызстандын түшүмү абдан жакшы болуп кетиши мүмкүн эмес.

Апрель, май айларындагы карантин алдындагыдай биз дагы эле камаарабай отурсак Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму 2020-жылы Борбор Азияда буудай тартыш болорун эскертти. Аталган уюм быйыл аба-ырайынын салкын болгондугунан жана пандемия учурунда сырттан жер семирткичтер жетиштүү киргизилбегендиктен Кыргызстан менен Тажикстанда буудайдын түшүмү аз болорун коронавирус кесепети тууралуу баяндамасында билдирген. Буга улай аталган уюм өкүлү Чен Фандын буудай тартыштыгынан улам эки мамлекетте азык-түлүк тартыштыгы жаралышы мүмкүн экендигин ачыктады. Демек, кыргыз дыйкандарынын арпа, буудай коңшу Тажикстанга ташылып кетип жатат деген тынчсыздануусунда негиз бар.

Эске салсак, Борбор Азияда азык-түлүк тартыштыгы жараларын БУУнун бул уюму май айында да билдирген. Анда дагы биздин министрлик Кыргызстанда азык-түлүк жетиштүү экенин билдирген. Бирок, жазында ун, ун азыктары кымбаттап, азыр да арзандабай турат. Ага карабай министр Эркинбек Чодуев быйыл буудай 7,5 миң гектарга көп айдалып, гектарынан 28 центнерден алынып жаткандыктан азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселе жаралбай турганын 7-августтагы жыйында билдирди. Министрге ишенсек, быйыл дыйкандар үрөн жана жер семирткичтер менен жетиштүү камсыз болуп, фермерлердин басымдуу бөлүгү жеңилдетилген насыяларды көп алышыптыр. “Быйыл 247 жарым миңгектар жерге буудай себилди. Түшүмдүүлүк былтыркыдан жакшы болуп гектарына 28 центнерден айланды. 2020-жылы 680 миң тонна буудай жыйнап алууну максат кылганбыз», –дейт министр.

Мындай көрсөткүчкө ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Рустам Жунушов ишенбей турганын айтат. “680-700 миң тонна буудай чогултабыз”, – деген сөз жалган. Буудай аянттары акыркы үч-төрт жылда өтө кыскарып кеткен. Буудай былтыр аз болгон, быйыл андан да аз болот. Жергиликтүү буудайды жылда 12 сомдон алчубуз. Быйыл чабык башталганда эле 15 сомго чыккан. Азыр 17 сомдон алабыз десек да комбинаттарга алып келгендер аз, жокко эсе десек да болот. Буудайды кыргызстандык фермерлер ашып кетсе 250-300 миң тонна жыйнашы мүмкүн. Анын жарымы унга жарабайт. Биз кайра эле сырттан сатып алууга аргасыз болобуз. Керек болсо жылдагыдан да көбүрөөк алышыбыз керек” – деп билдирген “Азаттыкка” Р.Жунушов.

Экономисттердин айтымында, буудай тартыштыгы жараларын билип учурда ªзбекстан менен Тажикстан коңшу өлкөлөрдөн дан эгиндерин болушунча киргизип алып жатышат. Кыргызстандын бир жылдык муктаждыгы 1 млн. 300 миң тоннанын тегерегинде экенин эске алсак дагы сырттан 600-700 миң тонна буудай сатып алышыбыз керек. Айыл чарба министрлигинин айтканына ишенип отура берсек жазында ун азыркыдан дагы кымбат болуп кетиши мүмкүн. Себеби, Кыргызстандагы өндүрүлгөн буудай биринчиден, жалпы муктаждыкты жаппайт, экинчиден, биздин буудайдын клейковинасы аз болгондуктан нанга жарабайт. Ага сөзсүз Казакстандын же Россиянын буудайын кошуп ун тартышат. Андыктан, учурда шайлоодон мурун буудай запасын камдап алууну ойлонушубуз керек. Быйыл Казакстан коронавирус пандемиясына, түшүмдүн аздыгына шылтоолоп буудай баасын көтөрүп деле коюшу мүмкүн. Себеби азыр Кыргызстанда жергиликтүү буудайдын өзү 18 сомго чыгып отурат. Муну казак бизнесмендери эң сонун түшүнүп турат. Ал эми министр Эркинбек Чодуев айткан кошумча 300 миң гектар буудай аянтынын эгини ун болуп келгиче дагы толук бир жыл убакыт бар.

Мелис СОВЕТ уулу,
“Кыргыз Туусу”