Э. Абдылдаев Түркмөнстандын тышкы иштер министри менен жолугушту

1-майда Тышкы иштер Министри Эрлан Абдылдаев Туркмөнстандын тышкы иштер министри менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Туркмөнстандын тышкы иштер министри Р. Мередов  президенти Г. Бердымухамедов жана өз элинин атынан Өзгөндө болгон жер көчкү тууралуу сарап, көңүл айтты. Өз сөзүндө Р. Мередов кыргыз түркмөн эли бир тууган болуп келгенин баса белгилеп,  дайым жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Министрлер эки өлкөнүн достук мамилесин жогору баалашты жана аны мындан ары өнүктүрүү керектигин белгилешти. Э. Абдылдаев Түркмөнстан менен болгон  мамиле Кыргызстан үчүн тышкы саясаттын негизги тармактарынын бири деп билдирди.

Жолугушуунун алкагында тараптар соода-экономикалык тармакта ой бөлүштү. Атай кетсек, транспорт, туризм, маданий- гуманитардык тармактарда эл аралык жана регионалдык уюмдар алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.