Давостогу дүйнөлүк экономикалык форум коронавирустан улам жылдырылды

Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форуму 2021-жылы январда эмес жай айынын башында өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

2021-жылы январда форумдун уюштуруучулары “Давос диалогу” онлайн-жолугушуусун өткөрүшөт.

Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум – швейцариялык өкмөттүк эмес уюм 1971-жылы түзүлгөн. Форумга дүйнөнүн булуң-бурчундагы миңдей ири компания жана уюм мүчө.

2020-жылы январда Давосто мааракелүү, 50-экономикалык форум өткөн. Ага 117 өлкөдөн 3000дей киши, анын ичинде 50дөн ашык мамлекеттин лидерлери катышкан. Мындан тышкары Давоско 36 өлкөдөн Марк Цукерберг, Жордж Сорос жана Билл Гейтс өңдүү миллиардерлер келген. Иш-чарада швед активистти Грета Тунберг сөз сүйлөгөн.