«Туризм агенттигин ачуу керек»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында түзүлгөн “Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин” үчүнчү отурумунда туризм маселеси талкууга түшүп, айрым талаштуу жагдайлар менен коштолду. Эскерте кетсек, парламент спикери Чыныбай Турсунбековдун демилгеси менен жогорудагыдай кеңеш түзүлүп, иштей баштаган. Талаштан тактык жаралат дегендей ар бир маселени бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен чогуу-чаран талдап, алардын пикирин эске алуу менен ишкерлерге мыйзамдык-укуктук жактан шарт түзүп берүү, колдоо максатталган болчу.

– Туристтик секторго жыл сайын 15 млрд. сомго жакын инвестиция келип жатат. Туристтик кызматтын импорту 15 млн. доллардын тегерегинде болууда. Бул Кыргызстан үчүн азбы же көппү, же азыркы күндө Кыргызстан туризм өлкөсүнө айлана алабы же жокпу? Күн тартибинде ушул маселе турат. Аны өнүктүрүү үчүн эң алгач коопсуздукту камсыз кылуу керек. Андан тышкары, “Ачык асман” авиалиния саясатын колго ал баса болбойт. Мисалы 3,5 млн. ашык калкы бар Грузия учурда жылына 6,5 млн. чет элдик  меймандарды тосуп жатат. Анын бир себеби – авиа линияны жакшыртып, “Ачык асман” саясатын жолго салып алгандыгы жана электрондук виза тартибин киргизип, виза берүүнү жөнөкөйлөштүрүү себеп болгон, — дейт Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов. Директордун айтымында, тармакты өнүктүрүүдө маркетинг саясаты иштелип жатыптыр. Тейлөө тармагында мурдагыга караганда жылыштар бар. Ошого карабай реформалоого муктаж жагдайлар да аз эмес. Айталы, жайкы мезгилде жана жалпы эле жыл ичинде өлкөгө канча турист келип кеткени, алардан канча акча келип түшкөнү боюнча так статистиканы билген орган болбогондуктан, ар ким чаржайыт эсеп жүргүзүүдө.

Туристтик индустрияны небак жолго коюп алган мамлекеттер экологияны коргой турган программалык иш-чараларды кошо ала жүрүшөт. А биздин Ысык-Көлдүн экологиясын ким коргойт? Туристтик процесстер өлкөнүн фаунасы менен флорасына кесепетин тийгизбегидей комплекстүү иш алып баруу керек. Тактап айтканда, туризм тармагын атайын министрлик болбосо да агенттик же комитеттин деңгээлине көтөрүү керек деген маселе карама-каршылыктуу талкуу жаратты. Бүгүнкү күндө Туризм департаментинде болгону 11 киши иштейт. Мындай жагдайда бери дегенде маркетинг иштерин жолго коюуга кадрлар жетишсиздиги белгиленип кетти.

“Туризм – түтүнү жок завод”, “Кыргызстанды – туризм өлкөсүнө айлантышыбыз керек”, – дейбиз. Бирок, аны ким жана кантип туризм өлкөсүнө айлантат? Туризм тармагын улам бир министрликтин алдына түртө салып, айрым жылдары аны агенттик кылып ачып алып, кайра төрт жыл иштетпей жаап салганбыз. Ошентип, көп жылдан бери аталган тармактын “күлү бир жерге додо болбой” келе жатат. Өлкөнүн туризм тармагы Ысык-Көл менен эле чектелбеши белгилүү. Ал эми аймактык туризмди департаментте отурган 11 кызматкер өнүктүрө албашы бышык. Ушуга байланыштуу департамент директору Азамат Жаманкулов мамлекеттен каржылык колдоо жана адамдык ресурстарды көбөйтүп бергиле деп сурап турган учуру.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыковдун пикири боюнча, аэропорттордун ишин жакшыртуучу учур небак жеткен. Чет элдик инвесторлор, мисалы, Түштүк Кореянын ишкерлери жаңы авиалинияларды алып келүүгө кызыкдар. Бирок, мындай сунуштар колдоого алынбай калууда. Электрондук визалар боюнча иш бир аз ордунан жылганы менен иштеп кете албай жатат. А.Сыдыков мисалы Индия, Кытай, Пакистан сыяктуу мамлекеттер менен виза берүүнү жөнөкөйлөштүрүү сунушун билдирди.

Кытай демекчи, бул жерде талаштуу маселе да толтура. Бир жыл мурда экономика министри Арзыбек Кожошев: “Кытайга виза берүүнү жөнөкөйлөштүрүү менен туристтерди тартуу керек” деп, экономисттин көзү менен караган идеясын айта коюп, соцтармакта отургандардын “тепкисинде” калган. “Кытайлар ансыз деле каптап жатса, эми туристтери калыптырбы? Алар бир кирсе чыгышы кыйын…” – деген пикирилер жааган. Айтор, бул маселеде “жогору тартса ат өлөт, ылдый тартса араба сынат” болуп келе жатабыз. “Кыргызстандын банктар союзу” бирикмесинин төрагасы Анвар Абдраев кошумча кызматтык штаттарды түзүп, чоң органга айлантуунун кажети жок деген пикирин айтат.

“Бюджетти соро турган дагы бир кошумча орган түзүүнүн зарылчылыгы жок? Ага жумшалчу каражатты туристтик мамлекеттик объектилерди өнүктүрүүгө багыттаганыбыз дурус. Андан көрө тармакты өнүктүрүү боюнча жаңы стратегияны иштеп чыгуу керек”, – дейт ал. А.Жаманкуловдун А.Абдаревге берген жообуна келсек: “Кыргызстандын туристтик брендин чет мамлекеттерге жайылтуу үчүн маркетинг системасын жөнгө салуу керек эле. Туризм департаменти бул функцияны толук аткарууга күчү жетпей жатат. Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия ж.б. мамлекеттерде маркетинг, пиар иштерин жайылтуучу атайын чоң орган иштейт. Ал эми биздин департаментте мындай ресурстун жоктугунан аймактык туризм өнүкпөй жатат. Азыркы күнгө чейин департаменттин жер-жерлерде бир дагы бөлүмү же өкүлү жок. Ар бир облустун өзүнө ылайыктуу туризмди өнүктүрүү боюнча концепциясы иштелип чыккан эмес. Ал гана эмес жылына канча турист келип жатканы, алардан канча акча түшкөнү, мындан ары туризмдин кайсы багытын кеңири жайылтуу керек? – сыяктуу маселелерине талдоо жасаган мамлекеттик орган жок”, – деди. Департамент жетекчисинин мындай жообуна А.Абдраевдин “ичи чыккан жок”.

– Маркетинг иштерин жүргүзүүгө маалымат технологиясы эле жетиштүү. Сиз кызмат ордуңузда отуруп алып, дүйнөнүн чар тарабына Кыргызстан тууралуу маалымат тарата аласыз. Андан тышкары, чет мамлекеттердеги элчиликтерибиз виза берүүдөн тышкары эмне иш кылып отурушат?, – деген суроо салды ал. Эксперттердин пикирине кошулбаска болбойт. Чынында Маданият министрлиги менен туризм тармагынын “тууганчылыгы” жок. Туризм – экономикалык блокко тиешелүү тармак. Дүйнөдө туризмди маданият тармагына кошуп койгон учур өтө сейрек. Экономикалык эсептен алганда бир турист беш жумушчу орунду түзө алат деген сөздүн эч калети жок. Айталы, турист транспорттун, тамактануучу жайлардын, мейманкананын, экскурсиялык кызматтардан пайдаланып, жергиликтүүлөрдүн буюм-тайымдарын сатып алуу сыяктуулар үчүн каражат таштап кетет. Болжолдуу эсептөөлөргө караганда 1 млн. адамдан бери дегенде 200 млн. доллардан ашык каражат калат. Ал эми тармакты тейлеген структуралар аркылуу жалпы бюджетке каражат түшүп турат.

“Чет элдик инвесторлор ассоциациясы” коомдук уюмунун аткаруу директору Искендер Шаршеев жогорудагы маселе боюнча: “2012-жылы экономисттердин тобу Кыргызстанда “Ачык асман” системасын киргизип, чет элдик ири авиакомпаниялардын каттамына жол ачууну сунушташкан. Мындай “Ачык асман” саясаты Грузия, Канада сыяктуу мамлекеттерде кеңири кулач жайган. Тилекке каршы, биздин атамекендик авиакомпаниялардын жетекчилери ага каршы чыгышып, “Биз атаандаштыкка туруштук бере албай, банкротко учурайбыз. 1500гө жакын авиаторлордун жумушсуз калуу коркунучу бар”, — деп тоскоолдук кылышкан. Бирок, Грузияда андай болгон жок. Тескерисинче, аларга туристтердин келиши эселеп көбөйүп жүрүп  отурду. Ал эми Грузиянын улуттук авиакомпанияларынын иши жакшырып, инвесторлор келе баштаган”, – дейт.

Бүгүнкү күндө пансионаттардын дээрлик баары жеке менчиктин колунда. Туроператорлордун баары жеке сектордуку. Аликүнчө туризм тармагында бир дагы мамлекеттик орчундуу ишкана жок. Парламенттеги өткөн жыйында министрликти түзүүнүн кажети жок, а бирок, бери дегенде 50 кызматкери бар агенттик түзүү зарыл деген пикир басымдуулук кылды. Ал эми айрымдары Экономика министрлигине кошууну сунушташты. Аталган тармактын жетишкендиктери менен көйгөйү Бишкекте эле көтөрүлүп, аймактардагы жергиликтүү органдардын муну менен дегеле иши жок болуп жатат. Аймактык туризм жергиликтүү органдардын кийлигишүүсүз өнүкпөшү белгилүү. Ал турсун аны өнүктүрүү боюнча жарытылуу концепция иштелип чыга элек.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун демилгеси менен түзүлүп, иштеп жаткан «Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештин» иши болжолдуу натыйжасын бере баштады. «Кеңештин жыйындарында каралган маселелер боюнча бардык чечимдер бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн сунуштарын эске алуу менен кабыл алынат. Аны менен катар кабыл алынган чечимдер дароо ишке ашырыла баштайт,» – деди спикер.