Атамбаев Орусиянын чиновниктерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Орусияга болгон сапарынын алкагында аталган өлкөнүн айрым чиновниктерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров «Данакер» ордени менен сыйланса, президенттин жардамчысы Юрий Ушаковго жана пресс-катчысы Дмитрий Песковго III даражадагы «Манас»ордени ыйгарылды. Ошондой эле, «Даңк» медалы финансы министринин орун басары Сергей Сторчакка берилди.

Эске салсак, учурда президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сапары менен Орусияда жүрөт. Анын алкагында өлкө жетекчилери менен жолугушуп, бир катар документтерге кол коюлду.