Терроризмди Кыргызстанга жабыштырган ЖМК

Жогорку Кеңештин депутаттары даваат жүргүзүүгө тыюу салуу боюнча демилгени коомдук угууга 25-апрель күнү алып чыгышты. Мыйзам долбооруна ылайык, үйлөрдү кыдырып исламды пропагандалоого тыюу салынат. Аны бузгандарга административдик жоопкерчилик каралган. Ошондой эле тийиштүү экспертизадан өтпөгөн аудио, видео жана басма түрүндөгү диний материалдарды таркатууга тыюу салынат. Бул мыйзам долбоору калкынын көпчүлүгү мусулман болгон өлкө экенибизге карабастан, абдан керек болуп жатат. Эмнеге жана буга ким күнөөлү?

 Эсиңиздерде болсо, Түркияда теракт болуп, кылмышка шектүү Кыргызстандын жараны Яхъе Машрапов экендиги жөнүндө маалымат таратышкан болчу. Кийин кыргызстандык өзүнүн күнөөсү жок экенин далилдеп бергенден кийин түрк атайын кызматтары бул теракка шектүү деп Абдулгадир Машариповду кармашкан.

Санкт-Петербург шаарында жардыруу болгондо да Россиянын атайын кызматтарынын билдирген маалыматына ылайык, жардырган адамдын түбү кыргызстандык экени айтылды. А чынында, өзбек улутундагы Россиянын жараны болуп чыкты. Бул жолу казакстандык дагы жаранды шектүү деп ЖМКлар көрсөтүшкөн. Бирок аталган жаран күч кызматкерлерине өзү келип террорист эмес экенин айткан.

Албетте, терроризмдин улуту, дини жана мекени жок. Ошого карабастан россиялык ЖМКлар “кыргызстандык” деп баса белгилеп жатышты. Эң коркунучтуусу Россиянын федералдык биринчи каналында 23-апрель күнү “Время” программасында чыккан аналитикалык сюжет болду. Аталган программадан кийин кыргызстандыктар бир топ “өздөрүнө келе албай” калды десек болот. Анткени, анда Акборжон Жалилов (россиялык атайын кызматтарынын маалыматы боюнча метродо өзүн-өзү жардырган жан кечти) дал ушул өлкөнүн түштүгүнөн экени айтылып, ал тургай Сирияга барып кайра келген кай бир жарандардан интервью алган. Алардын бири дыйкан, экинчиси ашпозчу, дагы бирөө унаа айдоочу экен. Ал сюжетти сырттан караган адамга Сирияга барып, согуш жүрүп жаткан жерде болуп кайра келүү көнүмүш эле иш дегендей туюлат экен.

Бишкектеги Кытай элчилиги менен Питердеги метродогу жардырууга тапшырык берген бир эле адам болуп чыккан. “Газета.ру” Санкт-Петербургдагы жардыруунун болжолдуу уюштуруучусу тууралуу иликтөө жүргүзүп, дал ушундай тыянакка келген.

Петербургдагы жардырууга болжолдуу тапшырык берген “Таухид валь-Джихад” тобунун лидери Абу Салах аль-Узбеки экенин жазат. Аталган гезит кыргыз атайын кызматтарына шилтеме жасап, анын чыныгы ысымы Сирожиддин Мухтаров деп эсептейт. Ал Бишкектеги Кытайдын элчилигине жанкечтинин чабуулун уюштурганы үчүн Интерпол аркылуу издөөдө болгон.

Албетте ислам менен терроризмдин эч кандай байланышы жок экенин эч ким танбайт. Ошол эле батыш өлкөлөрү теракт кылгандар исламдын атын жамынып алып, жаман иштерди кылып жатышканын байма-бай кайталап жатышат.

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”