Кубатбек БОРОНОВ : «Кафеге куран окутуп, маараке өткөргөндөргө жазаны күчөтүү керек»

Учурда республика боюнча COVID-19 менен ооругандардын саны азайды. Бирок, дагы эле илдетти оор көтөргөндөр жана жандандыруу бөлүмүндө жаткандар жок эмес. Мисалы, Бишкек шаарында эле мындай абалда 18 адам бар.

“Биз үчүн ар бир жарандын өмүрү кымбат. Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигине дарыгерлердин консилиумун жеринен өткөрүп, ар бир бейтаптын оорусу канчалык деңгээлде экенин жана дарылоо ыкмасын аныктоо тапшырмасын берем. Башкача айтканда, ар бир бейтаптын башка оору менен ооруганын эске алуу менен, жекече мамиле жасоо шарт», — деди Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында.

Муну менен катар Өкмөт башчы медицина кызматкерлеринин түйшүгүн азайтуу маселесин карап чыгууну тапшырды.

«Илдет менен ооругандардын саны азайгандыгына байланыштуу дарыгерлердин түйшүгү жеңилдеди. Алардын иш графигин карап чыгып, эс алуусуна мүмкүнчүлүк берүү керек. Эгер экинчи толкун боло турган болсо, дарыгерлер менен медайымдар оор жумушка даяр турушу зарыл. Чарчап турган киши натыйжалуу иштеп, бейтапка жардам бере албайт. Ошондой эле мекендештердин өмүрүн сактап калуу үчүн иштеп жүрүп коронавирус инфекциясын жуктуруп алып, каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө компенсация төлөөнү тездетүү керек»,- деп белгиледи Премьер-министр.

Кубатбек Боронов Кавасаки оорусуна каршы күрөшүү боюнча Казакстан Республикасынын тажрыйбасын өздөштүрүүнү, ошондой эле өлкө аймагына вирус келсе, ага каршы туруу боюнча даярдыкты күчөтүүнү тапшырды. Мындан тышкары өлкө боюнча жаңы курулуп жана профили өзгөртүлүп жаткан ооруканаларга өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

Кафе, ресторандарда куран окутуп, ар кандай мааракелерди өткөргөндөр үчүн жазаны күчөтүү керек.  Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.

«Адистердин божомолу боюнча, коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну 2020-жылдын ноябрь айында болушу мүмкүн. Калк эгер ден соолугуна көңүл кош караса, сентябрь айынын аягында эл массалык түрдө оорушу ыктымал. Бул коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбашы, кафе жана ресторандарда элдин көп баруусуна байланыштуу. Жарандар куран окутуп, ар кандай салтанаттарды өткөрүп жатышат. Кафе-ресторандардын кожоюндары 3000 сом айыппул төлөп коюп, келгендерди бейкапар эле кабыл алууда. Ресторан бизнеси жапа чегип жатканы түшүнүктүү, бирок биз COVID-19 менен калктын кайрадан массалык түрдө оорушуна жол бербешибиз керек», — деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр тийиштүү түзүмдөргө кафе-ресторандардагы иш-чаралардын өтүүсүн көзөмөлдөөнү, ошондой эле эл көп чогулган жерлерде, транспортто рейддерди өткөрүүнү күчөтүүнү тапшырды.

А. АКИМБАЕВА