«Эл өкүлү» болгусу келгендер эмнеге көп?

Акыркы учурларда бир айылдын эмес бир көчөнүн маселесин чече албаган, жарытылуу билими да жок, мурда-кийин мамлекеттик кызматтарда иштеп тажрыйба топтобогон, элдин мүдөөсүн алдын ала көрө, сезе билбеген, чечкинсиз адамдардын депутат болууга ашыгышкандары таң калычтуу деле болбой калды. Карапайым эл депутаттарды кимдерге, эмнелерге гана теңешпесин депутат болгусу келгендердин саны жыл санап арбып барат. Эмнеге?

Карбаластаткан капчык

Талапкерлердин баары эле эл үчүн беш жыл кан-жанымды арнап иштеп берейин деп жан талашат дейсизби. Арасында андайлары бардыр, бирок, баары эле апакай эмес. Бул жерде кеп таптакыр башкада. Биринчиден, депутаттын маянасы жогору, айлык жогору болгон соң депутат статусу бар жарандын пенсиясы да аз болбойт. Мисалы, биринчи жолу депутат болгон адамдын маянасы орточо 35-45 миң сом. Эгер ал кийинки чакырылышта дагы депутат болуп калса анын айлык маянасы дагы көтөрүлөт. Ошондой эле уюлдук байланышка, кызматтык унааны оңдоого, бензинге жана канцелярдык буюмдарга деп депутаттык фонддон ар бир эл өкүлүнө кошумча 40 миң сом бөлүнөт. Кышкыга даярдык үчүн ар бир депутатка кошумча 35 миң сом каралган. Жыйынтыгында ар кандай чыгымдары менен кышкы даярдыгы үчүн депутаттар ар жылы 62 млн. сомду сарпташат. Ошентип депутаттын кошумча төлөмдөрү менен компенсациялары анын айлыгынан алда канча көп болуп чыгат.

Азгырып сезимди козгойт булар

Мындан сырткары, депутаттын карапайым адамдардыкынан өзгөчөлөнгөн көп артыкчылыктары (привилегия) бар. Эгер депутат оор кылмыш ишин жасабаса кармалып же камакка алынбайт. Анын үйүн, кызматтык бөлмөсүн, жеке жана кызматтык унаасын, байланыш каражаттарын, документтерин жана кат алышууларын эч ким текшерип, тинте албайт. Мунун баары мыйзам менен бекитилген. Жогорку Кеңештин аппараты менен иш башкармалыгы депутатты кызматтык кабинеттер, керектүү канцелярдык, техникалык жана байланыш каражат тары менен камсыз кылып, транспорттук кызмат көрсөтүп турат. Ошондой эле депутатка социалдык турмуш-тиричиликтик жакшы шарттар түзүлүп, ал кызматтык кабинет жана парламент залындагы персоналдык орун менен камсыз болот.

Депутаттын иш-кагаздарын тескеп турган консультанты сөзсүз болушу керек. Депутаттык мөөнөтү бүткүчө ага дипломатиялык паспорт берилет. Эгер депутат Кыргызстандын элчилиги, өкүлчүлүгү бар мамлекетке барып калса дипломатиялык өкүлчүлүк ага бардык жардамдарды, колдоолорду көргөзүүгө милдеттүү. Ошондой эле эл өкүлү мамлекеттин эсебинен ички жана чет өлкөлүк иш сапарларга чыгууга акылуу.

Борбордо үйү жок депутатка Бишкектен кызматтык үй берилет. Эл өкүлү Кыргызстандын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуучу бардык мамлекеттик транспорттордо бекер жүрө алат. Депутат менен аны коштоп жүргөн адам мамлекеттик жана муниципиалдык мейманканаларга кезексиз жайгашат.

Депутатка тиешелүү класстык чин ыйгарылып, анын депутаттык ыйгарым укуктук мөөнөтү жалпы жана үзгүлтүксүз эмгек стажысына кошо эсептелет. Өзүнүн ыйгарым укуктук мөөнөтү аяктары менен ал мурдагы кызматын кайра уланта берет. Эгер ал кызматы жок болуп кал са ошол иши менен барабар кызматка дайындалат.

Депутатка дагы Өкмөт мүчөлөрү үчүн бекитилгендей медициналык, санитардыккурорттук жана тиричиликтик камсыздандыруу каралган. Спикердин өтүнүч катынын негизинде депутаттык мөөнөтү аяктаганча эл өкүлүнө кызматтык курал да берилет.

Бул артыкчылыктардын баары мыйзам боюнча 1 күн депутат болгон адамга да берилет. Жогорку Кеңеш тарарына саналуу күндөр калганына карабай башка депутаттын ордуна депутат боло калгысы келгендердин сыры да так ушунда. Муну карапайым эл түшүнбөй эле “парламент тараганы жатса буга депутаттыкта бышырып коюптурбу” деп жатышпайбы.

Чылгый чыгашалар

2020-жылдын бюджетин эске алганда Жогорку Кеңешти 10 жыл каржылоого мамлекет 7 млрд. 785 млн. сом жумшаган. Эң көп чыгым 2013-жылы болуп, парламенттин жалпы чыгышасы 805 млн. 7 миң сомду түзгөн. 2019-жылы Жогорку Кеңештин чыгашалары 786 млн. 617 миң сом деп бекитилсе, 2020-жылы ал дароо 6 млн. 382 миң сомго көбөйүп 793 млн. сом деп божомолдонгон.

“…Баланын көөнү талаада”

Минтип Жогорку Кеңештин чыгашаларына, депутаттардын айлыгы менен артыкчылыктарына кейип жатсак депутат Мирлан Бакиров мамлекеттик бюджеттен президенттерди, премьер-министрлерди жана спикерлерди каржылоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун коомдук талкууга кое салды. Баарынан кызыгы, бул мыйзам кабыл алынып калса Президент, Премьер-министр, спикер үчөө өздөрүнүн кызматтык мөөнөтүндө жасаган катачылыктары үчүн камалып, эч кандай кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт экен. Ошондой эле мыйзам долбоорунун үч чиновниктин кол тийбестигин депутаттардын үчтөн эки бөлүгүнүн чечими менен алып тыштаса болот деген эскертмеси бар.

Бул аз болгонсуп, Мирлан мырзанын мыйзамы бул үч бийлик өкүлүнө өмүр бою бериле турган маяна, кызматтык үй, атайын унаа берүүнү жана атайын кайтарууну камсыз кылууну демилгелептир. Ошондой эле ал мурунку жетекчилердин өлкө ичиндеги, чет өлкөлөрдөгү сапарларынын чыгымдарына каражат бөлүп, аларга мамлекеттик камсыздандыруу менен мамлекеттик дача берүү керектигин кошумчалаптыр. Ал мурунку Президентке, Премьерге, спикерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө медициналык, санаториялык-курорттук жана турмуш- тиричиликтик камсыздоо болушу керектигин айтат. М.Бакировго ишенсек, бул мыйзамды кабыл алуу менен мамлекеттик бюджеттен эч кандай чыгаша болбойт экен.

Учурда бул мыйзам долбооруна коомчулук баш чайкап турат. Ансыз да алдыдагы шайлоого, болочок депутаттарга элдин ишеними аз болуп турганда Бакировдун бул кадамы түшүнүксүз болуп калды. Бийлик бюджеттин тешигин бүтөй албай, эл 120 депутатты кантип азайтып, кандай жол менен татыктууларды тандап алабыз менен алек болуп жатканда бул депутаттын мыйзам долбоору “бээ десе, төө дейт” дегендей эле болду окшойт. Кыскасы, депутаттыкка эмнеге эрендер жан талашып жатканын болушунча ачып бердик окшойт.

Мелис Совет уулу «Кыргыз Туусу»