Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга дагы 225 млн сом бөлүнөт

Өлкөдө катталган өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюуга республикалык бюджеттен кошумча 225 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында белгилүү болду.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Таабалды Тиллаев маалымдагандай, 60 млн сомду Айлы чарба министрлигинин Суу менен камсыздоо департаментине жана 165 млн сомун Транспорт жана жолдор министрлигине бөлүү сунушталууда. Бөлүнгөн каражат бузулган жолдор менен көпүрөлөрдү калыбына келтирүүгө жумшалаарын Тиллаев кошумчалады.

Талкуунун жыйынтыгында парламент бул боюнча токтом долбоорун жактырды.

Булак: «Марал»