Президенттик шайлоо: Күрөөнү 2 млн. сомго көтөрүү сунушталууда

Жогорку Кеңеште «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу парламенттик угуу өтүп жатат. Анда  шайлоолорго байланыштуу парламенттик угууда президенттик шайлоонун күрөөсүн 2 млн сомго чейин көтөрүү сунушталып жатканын КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов билдирди.

Ал буга чейин күрөөнү 1 млн сомго жеткирүү сунушу берилгенин, бирок, Жогорку Кеңештеги фракциялар күрөөнү 2 млн сомго чейин жеткирүүнү демилгелеп жатышканын айтат.

Толуктай кетчүү жагдай, мыйзамга ылайык президенттик шайлоонун күрөөсү 100 миң сом деп белгиленген.