Нурлан ЖАНБАЕВ: «Бат баюуну көздөп баңгизат ташыгандар көбөйдү»

Россиянын аймагында иштеген жүз миңдеген мекендештерибиз мындагы үй-бүлөсүн ак эмгеги, маңдай тери менен багып жатышат. Пандемия учурунда мигранттар түрдүү кыйынчылыктарга туш болушту. Кабарчыбыз КРнын Россиядагы элчилигинин алдындагы Ички иштер министрлигинин өкүлү, милициянын полковниги Нурлан Жанбаев менен онлайн түрүндө алган маегин сунуштайбыз.

– Нурлан Сатваевич, Кыргызстандан барган уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү Россиядагы кыргыз ишкерлерине «салык салып» тоногон, кыйнаган окуялар тууралуу маалымат тараган. Азыркы абал кандай?

– Үстүбүздөгү жылы пандемия башталып кетип, кыргыз ишкерлери базарларга, ири соода түйүндөрүнө чыга албай калышты. Ушундан улам уюшкан кылмыштуу топтор кыргыз ишкерлерине кесепеттүү таасирин тийгизе алышкан жок. Бирок, «каралардан» биротоло кутулдук деп айтуу кыйын. Азыр алар пандемиядан келип чыккан себептерге байланыштуу мурдагыдай баш көтөрө алышкан жок. Мен 2020-жылдын март айында ушул кызматка дайындалып Москвага келдим. Ошондуктан азыркыга чейинки статистикага азыноолак эле токтолоюн. Россиянын укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзүлгөн иштерге таянсак, 2015-жылдан бери кыргыздардын уюшкан кылмыштуу топторунун 21 кылмыш учуру аныкталыптыр. Жылдарга бөлүп айтсак, 2015-жылы 7, 2016-жылы 4, 2017-жылы 3, 2018-жылы 2 жана 2019-жылы 5 кылмыш ачылып, РФнын мыйзамдарына ылайык жаза чаралары көрүлгөн. Ал эми 2014-2019-жылдар аралыгында жалпы кыргыз жарандары тарабынан жасалган кылмыштардын саны кескин азайганы кубандырууда. Мисалы, 2014-жылы 3000 ашык кылмыш жасаган болсо, учурда бул сан 1000ге жетпейт. Бирок, учурда мекендештерибизге карата жасалган кылмыштардын көрсөткүчү өсө баштады. Анткени, мурда мигранттар өзүнө карата кылмыш жасалса, эки тарап өз ара сүйлөшүп, бүтүрүп алышчу же арыз жазуудан коркуп, полицияга кайрылышчу эмес. Мигрант жарандар бара-бара өзүнүн юридикалык укугун түшүнө баштады.

– Жакында бир кыргыз аял Москвадагы уулунун баңгизат менен камалганын айтып, буркурап ыйлаганы интернетке чыкты. Айтсаңыз, Россиянын шаарларында баңгизатка аралашкан мигранттар көбөйгөнү чынбы?

– Тилекке каршы, Россия Федерациясынын аймагында иштеген мигранттарыбыздын арасында баңгизат менен шугулдангандар көбөйүп кетти. Алар арам акча таап, бат баюуну кыялданышат. Бирок баңгизат менен кармалгандар үчүн РФнын мыйзамдары өтө катаал экенин ойлоп да коюшпайт. Мисалы Москвада баңгизатты бир жолку ташып барганы үчүн 10 000 рубль беришет. Бул тууралуу интернетке «Курьерлер керек» деген жарыя менен чыгып жатышат. Эгерде сиз: «курьер болсом кандай жумуш аткарышым керек?», деп сурасаңыз интернеттен жооп беришпейт. Ал эми телефондон жекече сүйлөшкөндө: «Баңгизат жеткирип барасың», деп, жашырбай айтышат. Колдон келишинче мигранттардын арасында, социалдык тармактарда «Баңгизат оюнчук эмес, алдана көрбөгүлө», деген багытта түшүндүрүү иштерин тынбай жүргүзүп жатабыз.

Өткөндө бизге бир эже келип: «Балам баңгизатка эч качан аралашкан эмес. Ага баңгизатты бирөөлөр атайын салып коюптур. Уулум ак жерден күйүп жатат», – деп ыйлады. Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн бир кызматкери экөөбүз Москванын укук коргоо органдарына барып, ишти акыйкат карап берүүсүн сурандык. Бирок, биз ал жерден көңүл чөктүргөн фактыны угуп, үмүтүбүз өчүп кайттык. Көрсө тиги мекендешибиздин баңгизат ташыган 7-8 учурун полиция кызматкерлери небактан бери байкап жүргөнүн, эң акырында факты менен колго түшүрүлгөнүн айтып беришти. А чынында баңгизат ташыгандар дароо эле кармалып калбайт. Бир нече ирет курьер болгон соң, «мен эми тажрыйбалуу болуп калдым. Мындан ары ушинтип ташый берем» деген алдамчы ойго жетеленип жүрүшүп, өзү тууралуу полицияга маалымат качан түшкөнүн билбей калышат. Мындай жагдайды так белгилеп койгум келет. Кармалган жигиттердин ата-энелеринин дээрлик баары: «Уулум аппак эле болчу» деп чырылдашат… Логикалык жактан алып караганда деле анын чөнтөгүнө ким баңгизат салышы мүмкүн? Өзгөчө Москва шаарынын, жалпы Москва облусунун кыргыз «курьерлерине» «тизгиниңерди тарткыла!» деп айтар элем. Мен түшүнөм, жаштарыбыз бул жакка жыргаганынан келип жаткан жок. Жумуш издеп, үй-бүлөсүн, ата-энесин багуу үчүн агылышууда. Ошондой болсо да, маңдай тер, мыйзамдуу жумуш менен ырыскы таап жаша. Баңгизаттын багыты абак менен бүтөрүн унутпагыла деп эскертип жатабыз.

– Россияда иштеген жигиттер бөлөк улуттагы эркектер менен достошкон кыргыз кыздарды аёсуз сабап, «тарбиялаган» окуяны интернетке чыгарышкан. Жакында эле топтошкон кыргыз балдар ошондой кыздарды «сабаш керек» деген чакырыктарды соцтармактарга таратышты. Ошолор табылдыбы?

– Пандемия учурунда бул жактагы кыргыз жана тажик улутундагы мигранттардын ортосунда бир аз келишпестиктер чыгып, айрым жерлерде мушташтар болуп өттү. Ошондон улам Москванын метролорунун биринде кыргыз жаштары чогулуп, «Кыздарыбыз башка улуттун жигиттери менен бирге баспасын… Биз мекенчил элбиз»,– деген сыяктуу кайырлуу жасашкан. Биз ошондогу сүйлөгөн жигитти кабинетке чакырып келип, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Натыйжада ал интернеттен өзүнүн чакырыктары туура эместигин моюнга алган кайрылуу жасады. Кыргыз жана тажик элинен, бардык аялзатынан кечирим сурады. Булар боюнча чогултулган материалдар РФнын тергөө кызматына берилип, жигиттер суракка алынды. Тиешелүү экспертиза жасалды. Эми РФнын укук коргоо органдары алар боюнча чечим чыгарат. Андан тышкары, Москвадагы Кыргызстандын элчилиги жана Тажикстандын элчилиги, бул жактагы эки өлкөнүн этникалык диаспоралары, миграциялык уюмдары, аксакалдары биригип, достук жолугушуулар өткөрүлдү. Жаштарга түшүндүрүү иштери тынбай жүргүзүлүп жатат.

– Коронавирустун кесепетинен кыйналып турган мигранттарды «чартердик рейсттердин тизмесине киргизебиз» деп алдаган топтор кандай жаза алып жатышат?

– Россияны коронавирус каптай баштаганда биздин жарандарды Кыргызстанга учуруу маселеси курч турду. Башында эле аптасына бирден рейс уюштурулган болчу. Ошондон баштап, мекендештерибиздин Кыргызстанга кайтуусу боюнча айрым жарандар өзүнчө тизме түзүп киришти. Элчилик болсо биринчи кезекте кош бойлуу аялдарды, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, карыялар жана жаш балдарды ирээти менен учурууну тартипке салып жатты. Мындан тышкары, элчиликтин алдында коррупциялык иштердин алдын алуу жана жоюу боюнча атайын комиссия түзүлүп, рейстердин кезегин көзөмөлгө алып, акыйкат чечип жаткан. Ошол комиссияны жетектөө мага жүктөлгөн болчу. Эл кыйналып турган учурдан пайдаланып, акчага туйтунгусу келген алдамчылык иштер боюнча азыр 22 факт аныкталды. Келтирилген акчалай зыяндын көлөмү 470 800 рублди түздү. Алдамчылык боюнча 13 адамдын үстүнөн арыз түшкөн. Алардын арасында эки ыктыярчы бар. Ыктыярчылар: «Мен силерге жардам берем» деп, кош бойлууларды, оорулууларды тизмеге кошкон учурлар болду. Бирок, көп адамдар өзүнүн кезеги келгенде эле мыйзамдуу билети менен учуп кетишти. Алдамчылардын алтоосуна кылмыш иши козголду. Учурда дагы беш адамга кылмыш ишин козгоо же токтотуу боюнча маселе каралууда. Калганына кылмыш ишин козгоо токтотулган. Себеби, жабырлануучунун бир тобу тергөө иштеринин түйшүгүнө туш болууну каалабай, тосмо арыз жазып беришкен. Андан тышкары, алдамчылар алардын акчаларын кайтарып бергенде эле тосмо арыз жазып берип салышкандары бар. Мындай жагдайлар кылмыш ишин козгоого тоскоолук кылып жатат.

Пандемия учурунда мигранттарга элчиликтин кызматкерлери, мындагы миграция өкүлчүлүгү, Москвадагы ИИМдин бөлүмү болуп, өз өмүрүбүздү тобокелге салып, гуманитардык жардам жеткирип жаттык. Ошентип жүрүп, арабыздан ковид жуктуруп алгандар да көп болду. Чынын айтсак, башка өлкөлөрдүн Москвадагы элчиликтерине салыштырмалуу Кыргызстандын элчилиги жардам сурагандарды күнү-түнү тынбай кабыл алып жатты. Кыргыз диаспоралары бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, аябай уюшкандыкта иштешкендерин айтпасам болбойт.

– Маегиңизге рахмат.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»