«Он алты миллион… жана мамлекеттик тилди өстүрбөй эле өлтүрө турган китептер»

Кыргыз улуттук китеп палатасы — республика аймагында басылып чыккан басылмалардын милдеттүү нускасын мамлекеттик жана статистикалык каттоого алып, алар жөнүндө библиографиялык көрсөткүчтөрдү чыгаруучу библиографиялык мекеме жана илимий-техникалык маалымат, басма иштери, полиграфиялык өнөр жай, китеп соодасы камтылган мамлекеттик библиографиялык борбор. Бүгүн биз китеп жаатындагы бир нече суроо менен аталган палатанын директору К.Момункуловго кайрылдык.

– Китеп палатасы кандайдыр бир деңгээлде ошол китептердин мазмунуна, жасалгасына, баасына кийлигише алабы?

– Жок. Бүгүнкү күндө бизде цензура жок. Экинчиден, мамлекеттик бир-эки эле басма бар. Жеке менчик басмалардын саны 200дөн ашуун. Ошондуктан азыр авторлор жеке басмалар менен өз алдынча келишим түзүп китеп чыгара беришет. Биз китеп даяр болуп, колго тийгенден кийин гана өз пикирибизди айта алабыз.

– Муну сураган себебим, ушу учурда мектептерде жетишпеген ки тептердин базарда эркин жана кымбат баада сатылып жатканы суроо жаратууда. Бул китептердин ээси кимдер жана муну кандай мүнөздөйсүз?

– Негизи,окуу китептери менен министрлик 20-30 пайыз гана камсыз кыла алат. Калганын жеке ишкерлер чыгарып жатышат. Ошондуктан мамлекет, министрлик чыгара албаган китептерди чыгарып, элге жеткирип, окуучуларды камсыз кылып жатканы үчүн ошолорго ыраазы болушубуз керек. Анын үстүнө, билим берүү министрлиги ошончо окумуштуулардан, мугалимдерден турган армиясы туруп, өткөн жылы ички инструкциясын иштеп чыгып, китеп даярдоо, жасалгалоо, программасын түзүү деген функцияны өзүнөн алып, жеке менчик басмаларга берип койгон. Ал эми жеке менчик басмалардын көбүнүн 4-5тен эле кызматкери бар, тактап айтканда, окуу китептерин иштеп чыкканга биринин да толук кандуу мүмкүнчүлүктөрү жок.

– Сиз айткнадай, ошончо армиянын колунан келбеген жумушту жеке менчик басмаларга ишенип берүүгө кандай негиз же себеп бар эле?

– Албетте, мунун бир эле – өздөрүнөн жоопкерчиликти алып салуу деген гана жообу бар. Мына, былтыр: “Түзгүлө, даярдагыла”, – деп берип койду эле, жеке басылмалардын бири аны Россия менен макулдашып туруп, башталгыч класстардын математика китебин орусчадан кыргызчага котортуп туруп чыгарып койду. Муну өзүбүздүн окумуштуулар түзсө, китеп өзүбүздөн чыкса, өздүк наркы 100-150 сомдон болмок. Эми мектептерге 500 канча сомдон таңуулап, кээде баа 800 сомго чейин чыгып кетүүдө. Ошентсе да, моюнга алуубуз керек, окуу китептердин рыногун азыр жеке басылмалар толуктап жатат.

– Которуп алып окутуунун деле жакшы жактары бардыр, бирок кайсы китептен болбосун улуттук мүнөз, улуттук педагогика, каада-салт, менталитет жыттанып турса жана ар бир китепке ошону билген авторлор катышса андан да жакшы го?

– Өткөндө “Мекен таануу” деген китепке конкурс болгон. Акын Кыялбек Урмамбетов да: “Ушул китепти түзгөнгө катышып көрөйүнчү”, – деп өз вариантын түзүп чыккан. Менимче, жакшы китеп болгон. Бирок конкурста: “Жолдо жүрүү эрежеси” жок экен”, – деп, ал өтпөй калды. Ал эми З.Мамбетова эжекенин китебинде ушул тема бар экен, өтүп кетти. Эми: “Мекен таанууга жолдо жүрүү эрежеси керек беле?” – деген ой кетет. Бул – министрлик менен ким келише алса, ошонун китеби өтүп кетет деген ой жаратат. Анткени, авторлук да бир чоң бизнеске айланып кетти. Мисалы, министрлик бул китепти биринчи жылы чыгарса, кийинки жылдары чыгарбашы мүмкүн. Андай учурда автор жүз миңдеген тираж менен чыгарып, бизнесмен болуп кетип жатпайбы.

Билим берүү министрлигине басма кызматкерлери бир канча жылдардан бери айтып, “Мектеп” деген басма түзүү тууралуу демилге көтөрүп эле келе жатабыз. Китепти ошолор даярдап берсе, басууга 200дөн ашуун басма даяр. Бирок болбой эле китептер Кытайдан, Италиядан, Индиядан болуп, ар кайсы жактан басылып келип жатат. Бул жерде, менимче өтө чоң акча ойноп жатат. Айтор, окуу китептери жаатында көйгөй өтө көп.

– Бул көйгөйдү чечсе болобу?

– “Чечкилечи” деп сурангандар өтө көп, бирок “чечем” деген бирөө да чыга элек.

– Сөзүңүзгө аралжы, мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында, китептерди басып чыгаруу үчүн 16 миллион сом каралбадыбы. Ошол китептер жаатында бир топ келишпестиктер жаралды деп уктук. Комиссия мүчөсү катары, ушул тууралуу айтып берсеңиз?

– Акыркы беш жылда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында көптөгөн китептер басылып чыкты. Бул боюнча мамлекеттик тил комиссиясы, илимдер академиясы, маданият министрлиги көп иштерди жүргүздү. Бул жылы дагы маданият министрлигине 16 миллион сом берилген экен. Бул жолу чыкчу китептердин тизмеси бизге даяр болгондо келди. Бирок бул китептердин көбү мамлекеттик тилди өнүктүрбөй эле, өлтүрө турган китептер экен. Мисалы, “Жайкы жомок”, “Күзгү жомок”, “Кышкы жомок” деген китептер кириптир. Мындай жомокторду мен деги эле кыргыз адабиятында жолуктурган да, уккан да эмесмин. Демек, орус тилинен түптүз которулган, тили бурулган китептер экен. Экинчи, дагы бир каршы болгонум, Жусуп Мамайдын сегиз томдук “Манасы” болду. Мындан беш жыл мурун да бул китепти өкмөт каржылап чыгарып, элге кеңири таралган. Таң калганым, өзүбүздүн классик манасчыларыбыз Сагымбай менен Саякбайдын чыгармалары колго алынбайт деле, ушул Жусуп Мамайдын китебинин колго алынып кеткени таң калыштуу.

– Кечиресиз, ага эмнеге каршы болдуңуз?

– Анткени бул китеп Манасты калмак кылып койгон. Китептин башталышын эле окуп көрүңүз: “Манастын атасы Жакып – калмак, Жакыптын чоң атасы Ногой –калмак, чубактын атасы Нойгут – калмак” деп башталат.

“Калмактардын элинде,

Ногой деген бар экен. Бүтүн калмак элинде,

Атактуу бай ал экен”, – деп, Ногойду – Жакыптын атасын калмак кылып жатат. Ошондон көп узабай эле:

“Алтайдын Чамбыл-белине,

Ак-Чамбылдын төрүнө, Айдап калмак көчүрдү,

Нойгут деген калмакка, Короолош кылып көндүрүп…” – дейт. Нойгут – Чубактын аталары болуп кетет.

Дагы бир жерде:

“Кан Ногой калмак Жакыпты,

Жактырып өтө калыптыр,

Калмак менен кыргызга,

Кан көтөрүп салыптыр”, – дейт. Калмактардын ханы Алоокени бүт Ала-Тоону башкарып турган хан кылып сүрөттөп берип жатат:

“Ыраңкүдүк, Алооке,

Нарында бирге туруучу.

Акылдашып, сырдашып,

Кеп-кеңешин куруучу”, – дейт.

Демек, Алоокенин Нарында ордосу болуп, бүт Ала-Тоону башкарып турган кылып жазып жатат. Ушундай нерсени биздин атка минерлерибиз караган эмес. Окуган эмес. Эгер окуса, бул китепти биз жакын жолотпойт элек. Ыйманы саламат болсун, Жусуп Мамай атабыз башка элде жашап, башка жерди жердеп турган үчүн ошол жактын саясаты, идеологиясы бул жерге кирип кеткен. А биз өзүбүздүн мамлекетибиздин кызыкчылыгына каршы келген маалыматты чыгарып жатканыбыз кечиримсиз. Бул китепте кыргыздын баары эле ар кай жакта адашып, тентип жүрөбүз. Демек, бул – кытайдын тымызын саясатыбы деген да ой кетет. Анткени, пандемия учурунда: “Бу жердин баары Кытайдыкы болчу”, – деп жазып чыгышпадыбы кошуналар. Бир күнү болбосо да бир күнү китепти бетибизге кармап: “Мына, өзүңөр деле жазбадыңар беле”, – деши мүмкүн да.

– Бул тизме буга чейин кароодон, сындан өткөндүр да?

– Маданият министрлигин астындагы “Кыргыз китеп” деген мекеме бар, ошонун жетекчиси Талант Ормушев бекиткен экен. Комиссиянын мүчөлөрү кол койгон экен. Бирок ошол адамдардын биринин да бул китепти окуганына күмөнүм бар. Окубай туруп кантип кол койгонуна таң калам. Буюрса, тизме эми оңолду. Министрибиз туура кабыл алды. Коомчулуккка чыгып, жазуучулар менен, китепкана адистери менен жолугушуп, сунуштарды угуп, биргелешип иштедик.

– Мисалы, кайсы китептер чыга турган болду?

– “Башканы коюп, Манасты айт” деп, Жусуп Мамайдын китебинин ордуна “Манас”, “Семетей”, “Сейтектин” атактуу Юнусалиевдин көзөмөлүндө түзүлүп, 1958-60-жылдары чыккан вариантын койдук. Андан өтө түзүлгөн китеп жок деп эсептейбиз. Сөздүн гүлүн терип, окуяларды ырааттап, көркөмдөп, кооздоп берилген, элге жага турган китептер. Андан сырткары кыргыз дарамаларынын топтомун бир китеп кылмай болдук, кыргыз аңгемелеринин, кыргыз повесттеринин топтомдорун карадык. Бир гана авторго көңүл бурбай, бештен авторду биргелештирдик. Жүздөгөн авторлор камтылды. Мурунку тизмеде бир эле Асанбек Стамовдун он бир томдугу кошулган болчу, эми он бир жазуучунун бирден китеби кошулду. Буюрса, китептер сентябрь ичи басылып баштайт.

– 2013-жылы “Кыргыз китептерин жайылтуу, сатуу” боюнча жобо бе- китилбеди беле?

– Ал боюнча ар бир мамлекеттик мекеме, ишкана, жергиликтүү мамлекеттик өз алдынча башкаруу уюмдары милдеттүү түрдө кыргыз китептерин сатуучу бурчтарды ачмак. Бирок бул жобо аткарылган жок. Мен канча мэрге: “Китеп сатууга уруксат бергилечи”, – деп кат жазып, сурандым. Эч кимиси жооп берген жок. Андан сырткары, Президенттин жарлыгы боюнча кандай иш аткарылганын сурап, ар бир акимге кат жаздым. Бири да жооп берген жок. “Катыма жооп бербей койдуңар” деп да жаздым, ага да кайдыгер гана жооп беришти. Чоң кызматтагылардын баарына айтам: “Ушул кызматка жеткениңе, биринчиден, ата-энеңе, экинчиден, китепке милдеттүүсүң. Ушул милдеттен качан кутуласың?” – деп. Өкүнүчтүүсү, сөз баккан, сөз түшүнгөн, сөзгө турган адам жок болуп жатат. Бирок коронавирустун бир пайдасы, эл бош кезде китепке кайрылышты. Китеп сатуучулар да айтып жатышат. Бизден да китеп сурагандар көбөйдү.

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”