Суу – өмүрдүн булагы

Кыргызстан негизинен тоолуу аймактардын катарында, жаратылыш ресурстарындагы маанилүү орунду ичүүчү таза суу ээлейт. Мөңгүлөрдө чогултулган суунун жалпы запасы 650 километр куб. Бул көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстан Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусу менен салыштырылышы мүмкүн.

Мөңгү

Кыргызстандын аймагында 6 516 мөңгү катталган. Алардын жалпы аянты 8 047,8 квадрат километрди түзөт. Бул Кыргызстандын жалпы территориясынын 4%ын түзөт. Эгерде аянты 0,1 квадрат километрден аз болгон чакан мөңгүлөрдү да эсепке алсак, анда мөңгүлөрдүн саны 7 633кө жетет жана алардын жалпы аянты 81 077 квадрат километрге чейин өсөт.

Жаратылышта таптаза суу болбойт

Бирок жаратылышта таптаза суу болбойт. Ар кандай кошулмалар болгондуктан, аны тазалашат. Ошого жараша катуу жана жумшак суулар деп суу экиге бөлүнөт. Бөтөлкөлөргө куюлуп сатылуучу суулар туздан, түрдүү заттардан арылтылат. Мөңгү кол жетпеген аскаларда турганы үчүн таза деп эсептелинет.

Суу Кыргызстанда да тартыш

Кыргызстанда 1813 айыл бар. Анын ичинен 631 айыл ичүүчү таза сууга өтө муктаж. Ичүүчү суу менен камсыздоону жана суу агындылоону өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча өлкөнүн көпчүлүк айылдарында ичүүчү суу маал-маалы менен гана берилет. Алсак, суткасына 4 саат гана суу берилген айылдар бар.

Билгениңден биле элегиң көп

– Эң таза суу Финляндияда кездешкен. Бул изилдөөгө дүйнөнүн 122 өлкөсү катышкан.

– Дүйнөдө 1 миллиарддан ашуун адамга таза суу жетишсиз.

– Муздак суудан ысык суу тез тоңоорунун себебин окумуштуулар ушул күнгө чейин таба элек. Бул кубулушту мектеп окуучусу биринчи байкаган.

– Өрттү муздак суудан да ысык суу тез өчүрөт.

– Окумуштуулар суунун абалын биз билгендей 3кө эмес, муз кезинде 14 абалга, суюк кезинде 5 абалга бөлүшөт.

– Суу үстүнөн бир гана василиск түркүмүнө кирген кескелдирик чуркай алат.

– Азербайжанда күйө турган суу бар. Ал суунун курамында метан газы болгондуктан ширеңке чаксаңыз күйүп баштайт.

– Байыркы Орусияда чагылган түшкөндөн улам пайда болгон өрттү Ыйык от деп эсептешип, суу менен эмес, сүт менен өчүрүшкөн.

– Европа аттуу Юпитердин жандоочусу бүтүндөй муз менен капталган. Демек, күн системасындагы башка планетада суу бар деп эсептөөгө болот.

– Адам денесиндеги суунун 1%ын жоготсо, суусай баштайт.

– Н2О химиялык формуласындагыдай таза суу Жер шарында жок. Бул суунун эриткич экендигин аныктоо үчүн пайда болгон формула.

– Суусуз адам 6 күн гана жашай алат.

– Чоң кишинин организминин 70%ы суудан турат.

(Интернет булагынан пайдаланылды)

Раманкул кызы Асель, «Кыргыз Туусу»