Эсебинде 5 миллион, «кызынын аты Жармагүл»

Борбордук шайлоо комиссиясы банк маалыматтарынын негизинде, 4-сентябрга карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматты жарыялады.

Жалпы көлөмү 70 барак маалыматтын ток этерин айтсак, БШКнын контролдук-текшерүү тобунун маалыматына ылайык, 9-июль – 4-сентябрдын аралыгында “Мекеним Кыргызстан” партиясы 64 миллион 828 миң 998 сом чогултуп, 62 миллион 182 миң 690 сом чыгымдаган. «Социалдемократтардын» эсебине 7 миллион 349 миң 110 сом түшүп, 7 миллион 310 миң 448 сому чыгымдалган. «Бир Бол» партиясы 32 миллион 470 миң 990 сом топтоп, кайра эле 29 миллион 283 миң 465 сомун жумшаган. «Республиканын» эсебине 17 миллион 243 миң 500 сом түшсө, чыгымдалганы — 14 миллион 440 миң 112 сом. «Биримдик» партиясы 97 миллион 399 миң 900 сом жыйнап, 85 миллион 527 миң 751 сомун жумшаган. «Чоң казат» эсебине 6 миллион 162 миң914 сом түшүп, 6 миллион 38 миң 446 сомун чыгымдаган. «Мекенчил» 9 миллион 612 миң 724 сом чогултуп, 8 миллион 92 миң 410 сомун короткон. «Ата Мекендин» эсебине тарапташтарынан 35 миллион 619 миң 996 сом келип түшсө, анын 30 миллион 484 миң 783 сому чыгымдалган. «Реформа» эсебине келип түшкөн 6 миллион 361 миң 469 сомдун 6 миллион 78 миң 218 сомунун эсебин тапкан. «Кыргызстан» 68 миллион 474 миң 22 сом чогултуп, 61 миллион 679 миң 668 сомун короткон. Ооган согушунун жана башка локалдык аскердик кагылыштардын ардагерлеринин партиясы эсебине келген 7 миллион 624 миң сомдун 7 миллион 275 миң 765 сомун чыгымдаган. «Ордо» партиясы 5 миллион 925 миң сом чогултуп, 5 миллион 921 миң 946 сом короткон«Мекен Ынтымагы» 6 миллион 480 миң 700 сом топтосо, 6 миллион 94 миң 886 сомун чыгымдаган. «Замандаш» партиясы 31 миллион 47 тысяч сом топтоп, 27 миллион 304 миң 678 сомун чыгымдаган. «Ыйман нуру» партиясынын эсебине 6 миллион 16 миң 350 сом түшүп, чыгашасы 5 миллион 927 миң 787 сом болуптур.

БШК тараткан жогорудагы маалыматтарды карап отуруп, бизде бир суроо жаралып отурат. Эгер, саясый партиялардын шайлоо күрөөсү 5 миллион сом экенин эске алсак, араң эле 7 миллион 349 миң 110 сом топтогон «Социалдемократтар», эсебине 6 миллион 162 миң 914 сом түшкөн «Чоң казат», болгону 9 миллион 612 миң 724 сому бар «Мекенчил», 6 миллион 361 миң 469 сому бар «Реформа», 7 миллион 624 миң сому бар Ооган согушунун жана башка локалдык аскердик кагылыштардын ардагерлеринин партиясы, 5 миллион 925 миң сом чогулткан «Ордо» партиясы, 6 миллион 480 миң 700 сом топтогон «Мекен Ынтымагы», эсебинде 6 миллион 16 миң 350 сому бар «Ыйман нуру» партиясы шайлоо өнөктүгүн кандай уюштуруп, кантип өткөрүп жатты болду экен деген суроо жаралат?

Парламенттик шайлоо өнөктүгү ага катышкан саясий партиялардан чоң каражаттарды талап кылат. Саясий партиялардын штабында иштегендердин айлык акыларын айтпаганда, минген машинасынын майына эле миңдеген акча кетери талашсыз. Партия лидерлери жөө жүрүп Кыргызстанды кыдырмак беле? Региондорго барганда талаага жатмак беле да, ачка жүрмөк беле. Мунун баары акча.

Айталы, «Реформа» 4-сентябрга карата эсебине келип түшкөн 6 миллион 361 миң 469 сомдун 6 миллион 78 миң 218 сомунун эсебин таап коюптур. Бул партиянын эсебинде 200 миң сомго жетпеген каражат калды дегенди билдирет. Ошондо аталган партиянын лидерлери партия үчүн үгүттөп республиканын булуң-бурчун кыдыра турган болушса, банк эсебиндеги акча машинанын майынан да артпайт. 5 миллион 925 миң сом чогулткан Ордо» партиясы бул күнгө чейин 5 миллион 921 миң 946 сомун коротуптур. “Ыйман нурунун” каржысы деле ушунун тегереги. Андай болгондо, аталган партиялардын штабында, жер-жерлерде алар үчүн жалаң ыктыярчылар иштеп жатабы, же каржы менен байланышкан күмөн нерсе барбы? Же алар үчүн шайлоодогу үгүт-насаат өнөктүгү өтө деле маанилүү эмеспи? Айтор, суроолор көп, азырынча жооп жок.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *