Паспорт сурамай качан калат?

Мындан эки-үч күн мурда коомчулукка таанымал эжелерибиздин бири Топчугүл Шайдуллаева ФБ баракчасына “Достор, унчукпай коюуга болбойт, азыр эле Жалдагы ооруканада иштеген бир таанышыбыз шайлоого карата паспортубузду сурап чалды, директору ар бириң 10 кишиден таап келгиле дептир. Бул эмне дегендик! Биз ар кимибиз өзүбүз каалаган партияга добуш беришибиз керек. Келгиле, ушундай паспорт чогултмайларга чогуу каршы бололу, дагы ким ушундай акыбалга кабылып атат?” деген маалымат калтырган.

Эки күн өтпөй жогорудагы маалыматты жазган Топчугүл Шайдуллаева эже өзүн ИИБге чакырылгандыгын жарыя кылып, төмөнкү маалыматты жазды: “Досторум! Бүгүн мени УВДга суракка чакырышты, Жалдагы ооруканадагы паспорт топтоого байланышкан постум үчүн. Барып келдим, иш козголуптур, эми чындык, адилеттик жеңсе экен. Бизге паспорт сурап жазган таанышыбыз абдан чочулап, коркуп атат, аты-жөнүмдү айтпаңыз деп, менин жазганыма капа болду, күтпөптүр менден. Эми айткан сөзүн танбай аягына дейре турса болот эле”.

Кызыгы, эженин бул маалыматына карата жазылган пикирлер болду. ИИБдин чакыруусун бийликке чаптап, айрымдары “кандай өлкөдө жашап жатабыз?” дешип, айрымдары Бериянын заманы кайтып келгенин божурап жиберишти. Мындайда, бир тараптын пикирин колдоп, экинчисин туура эмес деп түртүп салуудан алыспыз. Айталы дегенибиз эле, ар бир нерсеге шашылыш эмес, терең ойлонуп туруп анан жыйынтык чыгарсак деген эле кеп. Туура, паспорт сурап добуш алуу үчүн ар бир партиянын адамдары шайлоо алдындагы аракетин көрүп жатат. Анын мыйзамдуулугу же мыйзамсыздыгы тууралуу дагы көп сөз бар. Ал эми Топчугүл эженин жазганы боюнча ИИБ тиешелүү иш алып барганы туура эле. Анткени, бизде укук деген нерсе бар. Жарандардын шайлоо, тандоо укугу бузулуп, коомго таанымал адам коомго ачык маалымат жазып жатса, укук коргоочулар дагы өз ишин алып барышы керек. Эмне дейбиз, бул окуя боюнча дагы кайрылып, коомчулукка жарыя кылабыз деген оюбуз бар. Айтылган сөз атылган ок делет. Эгер мындай паспорт сурап, акча сунуштаган, мынча киши тапкыла деген коркутуулар болсо, адамдар ачык эле айтканы туура.

А. НАДЫРБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *