К.БОРОНОВ: «Эл экологиялык талаптарды аткаруу көзөмөлү боюнча кабардар болуш керек»

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын алкагында Терек, Тереккан жана Перевальное кендериндеги тоо кен ишканасынын иши менен таанышты.

Белгилей кетсек, «Эти Бакыр Терексай» ишканасында 702 адам иштейт. Анын 96%ын жергиликтүү эл түзөт. Ишкана жылына 1 млрд. сом салык төлөп турат. Ал жылына 1 миллион тонна руда иштетет. Учурда бул алтын чайкоочу фабриканын курулуш иши жүрүп жатат. Ал ишке берилген соң алтын жана күмүш куймасы чыгарыла баштайт. Бул өндүрүштүн өзгөчөлүгү мышьягы бар кенди кайра иштетет. Муну менен катар ишкананын калдык сактоочу жайын куруу үчүн даярдык иштери жүрүп жатат.

Премьер-министр мамлекет жана өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда жаратылышка аяр мамиле кылууну, бардык экологиялык талаптарды сактоону өзгөчө көзөмөлгө аларын баса белгиледи.

«Өкмөт инвесторлорго айлана-чөйрөнү коргоо талабын катуу коёт. Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүүдөгү негизги шарт милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Жергиликтүү эл менен туруктуу мамиле түзүү боюнча иштерди күчөтүү керек. Тагыраак айтканда, бардык техникалык, экологиялык талаптарды сактоодогу көзөмөл боюнча элге маалымат берип туруу шарт. Бул жаратылыш байлыктарын экономиканын жана элдин кызыкчылыгы үчүн рационалдуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт», – деп белгиледи Кубатбек Боронов. «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы биргелешкен ишкана. Анда «Кыргызалтын» ААКнын 25 %, Түркиянын «Эти Бакыр» компаниясынын 75% үлүшү бар. Терексай кени – өлкөдөгү тоо кен тармагында мурдатан иштеген ишканалардын бири. Ал Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терексай айылында жайгашкан.

Мамат АЛИК

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *