Аңгектен качсаң дөңгөккө же аягы түгөнгүс “беспредел”

Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, биз да өлкөнү башкаруу системасынын ар түрдүү моделин колдонуп жатабыз.

Парламенттик башкаруу системасынын оң-терс тарабын көрүп отурабыз. Анын ак-кара сызыгына мезгил өз баасын берээр. Сөз кылалы дегенибиз, быйылкы парламенттик шайлоого карата старт алган саясий партиялардын үгүт иштериндеги чар-жайыт, баш-аламан, ирээтсиз, тажатма лозунгдары, баннерлери жана эң башкысы, грамматикалык, стилистикалык каталарга жык толгон саясий платформа-программасы.

“Казанчынын өз эрки – кайдан кулак чыгарса”. Мурдатан бери калыптанган стереотиптин негизинде бул жолу да шайлоо алдындагы жарнамалоо иштеринде “Кимди-ким көрдү…” абалы дароо байкалат.

Өлкөнүн жараны катары жөн гана: “Биз эртең эл өкүлү катары кимдерди көрө алабыз?” деген суроого ылайык айрым саясий партиялардын программасына көз жүгүртүп, баш чайкап, таң калдык. Анда стилистикасын айтпаганда да, грамматикалык каталар жайнайт. Шайланаар алдындагы программасын так, сапаттуу жаза албаса, эртең биз алардан эмнени күтсөк болот?!

Алсак, аты чыккан саясий партиянын программасынын аяк жагындагы лозунгунда “Чимкириктер!” деген сөз учурайт. Көчө сөздөрүн колдоно берүүгө болобу? Удургутуп эле жазышууда.

Бул боюнча КРнын Борбордук Шайлоо Комиссиясынын шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Айтикеевге кайрылып, сурообузга төмөндөгүдөй жооп алдык.

“Биздин жумушчу топ саясий партиялардын үгүт иштериндеги программасына ж.б. жарыяланып жаткан материалдарына байкоо салып, карап турат. Эгерде үгүт иштеринде улуттар аралык маселелерди козгоочу кандайдыр бир туура эмес жактар камтылса биз ага чара көрө алабыз. Ал эми саясий партиялар материалдарын ар түрдүү форматта чагылдыра берет. Анын стилистикасына, грамматикасына өздөрү көңүл бурушу зарыл”.

Андай болсо, жарышка аттанган партиялардын саясий технологдору, кеңешчилери жана маалымат бөлүмү бул маселеге жакшы көңүл бөлүп койсо дегибиз келет.

Нурзада САГЫНБАЕВА, “Кыргыз Туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *