Сасык тумоодон сак бололу

Акыркы учурда адам баласы үчүн ден соолук эң эле маанилүү экенин короновирус илдети катуу эскертти. Андыктан ден соолукка кам көрө билүү керек. Күз мезгилинде сасык тумоо көп болгондуктан коронавирус пандемиясы кайрадан күчөйт деп божомолдошууда. Ар кандай вирустарды жугузуп албоо үчүн имунитетти көтөрүү керектигин адистер айтып келишет. Европалык иммунологдор жана вирусологдордун күз-кыш мезгилинде боло турчу сасык тумоодон сактануу үчүн берген кеңештерин сунуштайбыз.

Мурдуңузду жылуу кармаңыз

Дарыгерлер суук тийип калбоо үчүн бутту жылуу кармоо керек деп айтышат, бирок “Кардифф Уэльс” университетинин сасык тумоону изилдөө борборунун профессору Рон Эклс күзүндө жана кышында суук тийип калуубуздун себептеринин бири — мурундун муздаганы деп билдирген. Кантсе да, бул орган аба аркылуу тамчы менен жуккан вирустук инфекциялардын негизги эшиги болуп саналат. Температуранын төмөндөшү менен кан айлануу жайлап, натыйжада денеде душмандан коргогон иммундук кан клеткалары аз болуп, микробдор чогулган жерге жетет. Андыктан дарыгерлер бутту гана эмес, мурунду да жылытууга кеңеш беришет. Эгерде аба-ырайы суук болсо, анда шарфты жаап, кофенин же чайдын жылуу жытын жыттаңыз.

Колуңузду инфекциялардан сактаңыз

Сасык тумоо учурунда кол алышып салам берүүдөн сак болуу керек. «Кол алышуу канчалык көп болсо, катышуучулар бири-бирине ошончолук микробдорду өткөрүп беришет”,- деп эскертет Абериствит университетинин биохимия профессору Дэвид Уитворт. Албетте, вирус сиздин денеңизге алакан териси аркылуу түздөн-түз өтпөйт, бирок көпчүлүк адамдар тигил же бул жол менен мурундарын жана көздөрүн укалап, колдорун оозуна салып алышат. Ошентип алар микробдорду былжырлуу челге жеткиришет, ал аркылуу инфекциянын кирип кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде жөтөлүп же чүчкүрүп жаткан адам менен кол алышсаңыз, болушунча эртерээк колуңузду жууп алыңыз.

Мурунуңузду туздуу суу менен жууп туруңуз

Пенсильвания университетиндеги изилдөө көрсөткөндөй, туздуу сууга жууну микробдордун санын азайтууга жардам берет, алардын мурун көңдөйүнө сиңишине жол бербейт. Ушунун аркасында вирус көбөйүү жана денеге сиңүү мүмкүнчүлүгүн жоготот. Деңиз суусу же деңиз туздуу спрейлерди каалаган дарыканада табууга болот. Ошондой эле “Д” витамини жетишсиз болсо толуктаңыз. Колорадо университетинин окумуштуулары организмде “Д” витамини жетишсиз болгондо, иммунитетти көтөрө турган заттар азаят деп табышты. Ошол эле учурда суук тийүү вирусун жуктуруп алуу коркунучу кеминде үчтөн бирге көбөйөт. “Д” витамининин жетишсиздигинин белгилери муундардын оорушу, булчуңдардын карышышы жана жалпы алсыздык болушу мүмкүн. Бул витаминге эң бай азыктар треска боору, майлуу балык, жумуртка, сүт азыктары.

Антисептикалык каржаттар менен колду тазалоо керек бирок алар 100 пайыз вирустарды жок кыла албайт. «Кол тазалагычтарда 80 пайызга чейин спирт бар болсо дагы, сасык тумоонун бардык козгогучтарын өлтүрүп, сиздин колуңузду толугу менен тазалай албайт» деп эскертет доктор Лиза Акерли. Эң ишенимдүү коргонуу каражаты — колду самындап жуу. Коомдук жайлардан кайтып барганда сөзсүз колду самындап жуу керек.

Таттууларды азыраак жеңиз

Күзгү сасык тумоодо торттор жана таттуулар эмес, курамында витаминдер көп болгон мөмө-жемиштер менен алма, жүзүм, цитрус жемиштери көңүлүңүздү көтөрөт. Лома Линда Университетинин (Калифорния, АКШ) изилдөөлөрү көрсөткөндөй, күнүнө 100 г шекер, анын ичинде шекерден жасалган азыктар, соустарды жеген адамдын имунитети төмөндөгөн. Ашыкча таттуу пайдаланууда организмдин иммундук фагоцитар клеткалары микробдорду жок кылуу жөндөмүн жарым-жартылай жоготот. Бул коргоонун солгундашы көп өлчөмдө шекер ичкенден кийин, орто эсеп менен беш саатка чейинки убакытта байкалат. Эске салсак, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму күнүнө 25 граммдан ашык эмес таттуу жегенди сунуштайт, бул 5 чай кашыкты түзөт.

Спорт менен машыгыңыз

Спорт менен ар дайым машыгып туруу керек, бирок ашыкча өзүңүздү кыйнабаңыз. Орточо физикалык активдүүлүк — фитнес жана жөнөкөй сейилдөө же үй иштери иммунитетиңизди көтөрөт. Бирок Лофборо университетинин окумуштуулары 90 мүнөт жогору спорт менен машыгууда стресс гормондорунун өрчүшү бир кыйла жогорулай тургандыгын аныкташты.

Ошол эле учурда организмде сезгенүүгө каршы заттар пайда болуп, иммунитет катуу соккуларга жооп бере албай калат. Натыйжада, суук тийүүчү вирустарга туруштук берүү деңгээли төмөндөйт.

Демек, сиз өзүңүздү жаман сезсеңиз, күчүңүзгө оорчулук келтире турган нерселерден арылып, велосипед тебүү, же жеңил көнүгүүлөр менен алмаштырган оң.

Асел СҮЙӨРКУЛ кызы, “Кыргыз Туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *