Бет кап моюн үчүн эмес!

Коронавирус илдеттинен улам дүйнө жүзүндө адамдар бет кап тагынууга аргасыз болуп жатат. Айрым өлкөлөр бет кап тагынуу эрежесин туура, так аткарбай келүүдө. Ошондон улам Бразилияда бет кап ооз менен мурунду жабып туруусу керектигин эскерткен, социалдык жарнама тартылды. Аталган өлкөдө тартылган жарнама калың элди бет капты туура тагынууга үндөйт. Бул тууралуу “Бүткүл дүйнөлүк жарнама” агенттиги (Ads of the World) кабарлады.

Жарнамада адамдын мурду оозунда жайгашып, ал эми оозу тамагында жайгашат. Автор муну менен беткапты туура эмес тагынып жүргөн адамдардын образын көрсөтүп берген жана бет кап ооз менен мурунду жабып туруусу керектигин эскерткен. Белгилей кетсек, Бразилияда калктын басымдуу бөлүгү бет кап тагынуу эрежесине көңүл кош карап келишкен. Элдин көпчүлүгү бет кап тагынбай жүрүшсө, айрымдары такса да туура эмес тагышкан (моюнуна түшүрүп). Бул деген бет капты тагынбай коюу дегенге барабар.

Эскерте кетсек Бразилияда коронавирус пандемиясынан жабыркагандардын саны 4 миллион 162 миңге жетип, 127 миң адам каза тапкан.

P.S: Европада коронавирус жуктургандар кайрадан көбөйүүдө. Бул нерсе бизге келбейт деп айта албайбыз. Кыргызстан да, Бразилиянын эли сыяктуу бет кап тагынуу эрежесин сактабай жатат. Көчөдөн бет кап тагынган жарандар аябай азайып кетти. Андыктан эрежени сактоонуу улантуубузга туура келет.

Асель Раманкул кызы, “Кыргыз Туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *