Темир Сариев БШКга арызын берди

Президенттикке талапкерлердин бири Темир Сариев Борбордук шайлоо комиссиясына арызын берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мурунку өкөмөт башчы Темир Сариев «Ак шумкар» саясий партиясынан президенттик жарышка аттанууда. Жакында эле аталган партиянын 7-съезди өтүп, анын делегаттары партия лидеринин талапкерлигин бир добуштан колдошкон.

Эми Темир Сариев башка талапкерлер сыяктуу эле бардык тиешелүү документтерди жана 30 миң шайлоочунун колун топтоп, 1 млн сом өлчөмүндөгү күрөөнү төлөөгө тийиш.

Кыргызстанда президенттик шайлоо ушул жылдын 15-октябрында өтөт. Ал эми талапкерлерди каттоо 1-августка чейин жүргүзүлөт.

 

Буга чейин БШК Назарбек Нышанов жана Өмүрбек Текебаевден азыр түшкөндүгүн маалымдаган.