Кыргызстанда пенсионерлердин 38 пайызы жашоо минимумунан төмөн пенсия алат

Кыргызстанда пенсионерлердин 38 пайызы жашоо минимумунан төмөн пенсия алат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда пенсиянын минималдуу суммасы 4 миң 286,7 сомду түзөт.

«Ал эми пенсионерлердин жалпы санынын 0,3 пайызы 20 миң сомдон ашуун пенсия алат. Ал 1 миң 800 адам», — дейт Ирсалиев.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *