Бүгүн дагы 81 адамдан COVID-19 аныкталды. Жалпы 45 миң 153 учурга жетти

Кыргызстанда 17-сентябрь саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 81 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Анын ичинен 41 — коронавирус, 40 — пневмония. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 45 миң 153 адамга жетти. Акматова кошумчалагандай, акыркы сутка ичинде илдеттин каза болгон учурлар катталган жок.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 7

Ош — 4

Чүй облусу – 8

Ош облусу — 22

Талас облусу — 3

Нарын облусу — 1

Ысык-Көл облусу – 8

Жалал-Абад облусу – 13

Баткен облусу — 15

Кабар МАБ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *