Кара-Кечеде көчкү баскан жерди айланып өтчү жаңы жол курула баштады

Кара-Кечеде көчкү басып калган жерди айланып өтүүчү жаңы автожол курула баштады. Бул тууралуу 16-сентябрда Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя болгон жерге атайын комиссия барып, жолду көчкүдөн тазалоо мүмкүн эмес экенин аныктаган жана жаңы айланма жол салыш керек деген бүтүмгө келген.

Министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Бегайым Канат кызынын айтымында, жол салуу иштери шаршемби күнү башталды.

«Жолдун бир тилкесин курууга 10-12 күн кетет. Курулуш иштерине төрт экскаватор, үч бульдозер, төрт самосвал жана алгачкы күндөргө 20 тонна кара май керектелет. Бул жер аскалуу аймак болгондуктан техниканын жетиши оор болуп жатат. Ошого карабастан бүгүн эртең менен иш башталды», — деди ал

14-сентябрда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда тоо көчкөн. Дыйкан айылын Кара-Кече көмүр кенинин «Борбордук» деген тилкеси менен байланыштырып туруучу стратегиялык жол тосулуп калган.

Адам өмүрүнө залака тийгени тууралуу маалымат жок.

Министрликтин баштапкы маалыматына караганда, көчкүнүн көлөмү эки миллион куб метр болду, жолдун 600 метрден ашык аралыгы тосулуп калган, электр зымдары үзүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *