Эсиңе кел, айдоочу! Эреже менен жаша, кыргыз!

21-апрелде Бишкек шаарынын Бакаев көчөсүнөн так түштө светофордун жашыл жарыгына өтүп бара жаткан №74 мектептин эки окуучусун коюп кеткен авария коомчулукта резонанс жаратты. Менин оюмча, эң негизгиси ал биздин коомдогу ушул убакка чейин бийликтер тарабынан чечилбей келе жаткан элди, анын ичинде мамлекет ээси болгон кыргыздарды, эрежелер менен жашоого тарбиялоо зарылдыгын көрсөттү.

 25-апрелде Президент Алмазбек Атамбаев да бул окуяга көңүл буруп, Өкмөткө жана өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин секретариатына жол кыймылынын коопсуздугу боюнча кеңешме даярдоону жана бул чөйрөдө топтолгон проблемаларды чечүү боюнча чаралар комплексин камсыздоону тапшырды.

Эртеси эле өткөн жыйында Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жол кыймылын уюштуруудагы тиешелүү кызматтын ишин сынга алып, жол коопсуздугуна байланыштуу токтоосуз чараларды көрүүнү тапшырды. Ал ортодо жарандык активисттер да үн кошушуп, жол кыймылы коопсуздугун күчөтүү чараларын сунушташты.

Эми белгилүү бир иш-чаралар планы түзүлүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга аткаруу мөөнөттөрү көрсөтүлүү менен тапшырмалар берилип, ал мөөнөттөр өткөндөн кийин отчеттор алына тургандыгы анык. Бирок, ал жол кыймылы коопсуздугун жогорулата алабы? Мен буга ишенбес элем. Себеби?..

– Коомчулук тарабынан жол кыймылынын коопсуздугу боюнча абдан көп сын-пикирлер айтылып жатат, – деди Өкмөт башчы аталган жыйында. – Биз буга көз жуумп коё албайбыз. Кандайдыр бир иш-чараларды иштеп чыгуубуз зарыл. Жол кырсыгынын 86 пайызы айдоочулардын айынан болууда. Анткени аларда жоопкерчилик жок. Эмне үчүн? Себеби, аларды катуу көзөмөлдөгөн орган жок. Патрулдук милицияны түздүк. Айып пулдардын өлчөмүн жогорулаттык. Бирок анын баары биз каалагандай натыйжа бербеди. Патрулдук милиция жол кыймылын катуу көзөмөлдөп, тиешелүү чараларды көрсө эле жол кырсыктары кыскарат эле. Бирок патрулдук милиция жол кыймылын туура уюштуруп, тиешелүү деңгээлде жол коопсуздугун көзөмөлдөй албай жатканы айдан ачык.

Премьер-министр айдоочулук күбөлүктөрдү алуу үчүн жасалма документтерди даярдаган автомектептердин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрүп, окутуу сапаты жана материалдык-техникалык абалы талапка жооп бербеген автомектептерди жабуу зарылдыгын айтты.

Бирок, Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров айдоочуларды даярдоодо маселе бар экенин айтып, талапка жооп бербеген автомектептер боюнча үч жыл мурун тиешелүү чечимдер болгонун эстеди.

Темир Жумакадыров

– Биз демилге көтөрүп, мындан үч жыл мурун мекемелер аралык комиссия түзүп, автомектептердин баарын текшерип чыкканбыз, – деди ал. – Мына ошолордун арасынан отуз пайызга жакынынын айдоочуларды окутканга тиешелүү шарты жок жана талапка жооп бербейт деген чечимдер болгон. Мындан сырткары бир топ автомектептердин шарты талап кылынган деңгээлге жеткирилиши керек деген сунуштар киргизилген болчу. Бирок мына ошондон кийин жумуштар токтоп калган. Айдоочуларды даярдоодо бир топ маселелер бар.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча быйыл 2017-жылдын өткөн үч айында Кыргызстанда 1169 жол кырсыгы катталган. Андан 148 адам каза таап, 1686 адам ар кандай деңгээлде жараат алган. Алардын арасында эки жүздөн ашуун жол кырсыгы балдардын катышуусунда болуп, сегиз жеткинчек каза таап, эки жүз жыйырма бири жараат алган. Жалпы жол кырсыктарынын саны былтыр ушул маалдагы үч айдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 13 пайызга өскөн.

Демек, Өкмөт башчы айткандай, буга чейин көрүлгөн чаралардан майнап чыкпаган экен да. Анын себеби эмнеде?

Менин оюм боюнча, биринчиден, бизде – кыргыз коомунда жалпы жашоонун эрежелери калыптанып, ал адамдардын аң-сезимине сиңбегенинде. Мисалы, ошол эле өнүккөн өлкөлөрдүн мисалын алсак, аларда айрым тыюу салууларды жөн гана табличкага жазып коюу жетиштүү. Мисалы: “Таштанды таштоого болбойт!”, “Газонду тебелөөгө болбойт!” деген сыяктуу эскертүүлөр жетиштүү. А бизде темир тосмо коюп койсоң да андан секирип өтүп кетишет эмеспи! Ал түгүл, Бишкек шаарындагы Батыш автовокзалында жер астынан өтүүчү өткөөлгө түшпөстөн, өтүүгө тыюу салынып, киши бою тосмодон да секирип өтүү азыркыга чейин токтобой келет. Дегеле светофорлору жок көчөлөрү бар, бирок айдоочулары менен жөө жүрүүчүлөрү тартип бузмак тургай, талашып көрбөгөн да өлкөлөр бар.

21-апрелдеги эки окуучунун жабыркашына алып келген Мирлан Ажыбеков

Ошондуктан, мында адамды тарбиялоонун экинчи методу – шапалак керек болуп турат. Анан да тартип, эреже бузуулар үчүн жазаны катаалдантуу – адамдарды аларды аткартууга үйрөтүүдөгү биринчи эле кадам. Экинчиси жана эң башкысы – ошол жаза чараларынын сөзсүз колдонулуусуна жетишүү. Ал үчүн патрулдук милициядагы гана эмес, сот органдарындагы да коррупцияны жоюу зарыл.

ИИМдин ПМББнын маалыматы боюнча 2017-жылдын биринчи кварталында 1 169 жол транспорт кырсыгы катталып, аларда 148 адам каза болуп жана 1 686 адам жабыр тарткан. А 2016-жылдын алгачкы үч айында 1 033 ЖТК катталып, аларда 187 адам каза болуп, 1 573 жабыр тарткан. Мындай авариялуулуктун бир аз азайганын ПМББ өзүнүн ишинин натыйжасы катарында түшүндүрүүгө аракеттенет.

Эми жолдо жүрүү тартибин бузуулардын структурасына токтололу. Мас абалында транспортту башкаруу – 2 952, ылдамдык режимин ашыруу – 15 152, жол кесилиштеринен өтүү эрежелерин бузуу, каршы тилкеге чыгып кетүү, жол эрежелеринин белгилерин сактабоо жана транспортту коюу эрежесин бузуу – 23 532. Мамлекеттик номердик белгиси жок айдоо – 584, жалган мамлекеттик номер менен жүрүү – 39, ИИО кызматкерлерине баш ийбөө – 347, документтери жок транспортту башкаруу – 5 024, коопсуздук курун тагынбай айдоо – 45 897. Биз эмне үчүн жолдо жүрүү эрежелерин бузуунун мына ушундай түрлөрүн гана атадык? Анткени цивилизациялуу, мыйзамды сыйлаган өлкөлөрдө мындай эреже бузуулар болмок эмес, болсо да сейрек болмок жана ал үчүн жаза катаал.

21-апрелдеги эки окуучунун жабыркашына алып келген автокырсыкка күнөөлүү Мирлан Ажыбеков бир жылдан бир аз ашуун убакыт мурда эле бир адамды сүздүрүп өлтүрүп кеткен экен. Бирок, тараптардын жарашуусунан улам ал жада калса айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылбаптыр. Мында эмне себеп болгон? Каза болгон адамдын жакындарынын “өлгөндүн – өз шору” деген кайдыгерлигиби? А бул жолу да ал оңой кутулуп кетеби?

Экинчиден, эмне үчүн светофордун мындай тыюу салган кызыл жарыгына карабай айдаган жана эрежени сактаган балдарды өлтүрүп коё жаздаган адам кылмышкер болуп саналбайт?

Азыркы мыйзамдар боюнча, адам өлүмүнө алып келген ушундай кылмыш боюнча жабыр тарткан тарап менен тынышууга жетишилсе, кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. А чынында мындай кылмышты билип туруп адам өлтүрүү катарында кароого эмнеге болбосун? Анткени, андай кылмыштарды жасагандар мыйзам бузуп жатканын билип туруп алкоголь ичимдиктерин ичип алышып, ылдамдыкты ашырышып, тыюу салынган жарыкка өтүп жатышпайбы?

М.Ажыбеков азыркы кылмышы боюнча 5 жылга чейин шарттуу эркинен ажыратылууга же 2ден 5 жылга чейин эркинен ажыратылууга соттолушу мүмкүн. Мында да ага жаза жапа чеккен балдардын ата-энелеринин чечиминен көз каранды болмокчу. Аларда кайрадан “баш жарылса – бөрк ичинде, кол сынса – жең ичинде” кылышабы? А мындай жаза ага сабак болобу?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”