Аралыктан билим алуунун абалы кандай?

Быйылкы коронавирус пандемиясына байланыштуу жарыяланган карантинде интернет ар бир үйгө, адамга керек экени сезилди. Күтүлбөгөн жерден онлайн (аралыктан окутуу) окутуу киргизилгенде мугалимдер да, окуучулар да абдан кыйналышты. Жаңы окуу жылынын башталышы менен онлайн билим берүү кайра уланып учурда мектептерде, ЖОЖдордо да онлайн окутуу жүрүп жатат. Мындай билим берүүнүн, билим алуунун күңгөй тескейин билүү максатында борбордогу Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин окутуучусу менен студентине суроолорду узаттык.

Жыргал САКЫБАЕВА, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинин мезгилдүү басма сөз кафедрасынын ага окутуучусу: “Онлайн билим берүүнүн жакшы да, жаман да жагы бар”

– Жыргал Дүйшөналиевна, былтыр жаз мезгилинен тарта киргизилген аралыктан окутуу сиздерге да бир топ кыйынчылыктарды жаратса керек?

– Албетте, мурдагыдай эле студенттер менен бетме-бет отуруп, сабакты түшүндүрүп, алардын пикирин угуу менен билим бергенге эмне жетсин. Кокусунан эле балдар таратылып онлайн билим берүү киргизилгенде бир аз кыйналдык. Бирок, биздин окуу жайдын сырттан окуу бөлүмүндө дистанттык окутуу 6-7 жылдан бери эле жүргүзүлүп келе жаткандыктан бизге жеңилирээк болду. Өткөн жылы онлайн сабактар негизинен watsapp, zoom платформасы аркылуу өтүлдү. Сессияларды модулдардын, тесттердин жыйынтыктары менен аяктадык. Быйыл сентябрдан баштап биз class-room, meet платформалары менен сабак бере баштадык. Окутуучулардын баары бул платформаларды жүз пайыз укмуш өздөштүрүп кете албасак дагы иш жүзүндө жакшы эле үйрөндүк. Мен жайкы каникулда “Санарип педагог” сыяктуу онлайн курстарга, IT окууларына катышып бир топ тажрыйба топтоп алдым. Ошолордун жардамы тийип жазгы онлайн билим берүүгө караганда азыр ишим жеңилдеп калды.

– Мугалимдер го аракет кылып жатышыптыр, студенттердин окууга болгон кызыгуусу кандай?

– Буюрса жаман эмес. Учурда class-room, meet платформалары аркылуу онлайн сабак өтүп, лекцияга ким катышып, ким катышпай жатканын көрүп турабыз. Алар мени көрүп турушат. Кадимкидей эле лекцияны окуп, алым-сабак айтышып, түшүндүрөм, кайра алардан сурайм. Тапшырмаларды берем. Албетте, башында студенттер дагы бул платформалар менен иштегенди, тапшырмаларды алып, кайра жөнөткөндү билбей кыйналышты. Бирок, мурункуга караганда азыр жакшы өздөштүрүп алышты. Мен негизинен кыргыз группага сабак бергендиктен айылдагы балдар менен иштешем. Ал жакта интернет кээде жакшы тартпай же аппараттарында (чөнтөк телефону) көйгөй болуп калганда студенттер лекцияларга толук катыша албай калып жатышат. Айрым студенттер сүрөттөрүн коюп коюшуп өздөрү көрүнбөйт. Нары жакта ал ойноп жатабы, иштеп жатабы билинбей калат экен. Онлайн окутуунун бир минусу ушул. Бирок, мен ар бир студентке мага көрүнүп, сабакка катышып жатканыңарды билдиргиле деген талапты коем. Ошентсе да студент текст жазып, мугалимди кунт коюп угуп отурбагандан кийин билим сапатына терс таасири тиеби деп калам.

– Студенттер былтыр zoom платформасы катып, токтоп кала берет экен дешти эле?

– Ооба, былтыр жазында лекция, конференциялардын баары zoom платформасы менен өтүлүп, сиз айткан маселе жаралган. Азыр андан жакшы деп сlass-room, meet платформалары менен иштеп жатабыз. Мындан тышкары, окуу программаларды, лекция, тесттерди университеттин “avn. knu. кg” деген порталына жүктөйбүз. Ал жактан студенттер да пайдалана алышат. Сlass-room, meet платформаларынын жакшы жагы ал жакка видеолорду, ар кандай презентацияларды, таблицаларды, студенттер үчүн кулактандырууларды да жүктөсөң болот экен. Онлайн билим берүүнүн ушундай артыкчылыктары да бар экен.

– Айрым ЖОЖдор студенттерден милдеттүү түрдө компьютер алууну талап кылып жатыптыр. Улуттук университетте бул жагы кандай болуп жатат?

– Албетте, компьютер менен окуу кыйла жакшы болмок. Бирок, биздин элдин контингентин жакшы билесиздер. Айылда эптеп оокат кылып жаткан студенттерге мен компьютер алгыла деп айта албайм. Болгону алар жакшы тарткан чөнтөк телефону менен өздөрүнүн электрондук почтасынан биз жүктөгөндөрдү көрө алышат. Аларга почта аркылуу шилтеме (ссылка) барат, ал шилтеме аркылуу алар окууга, лекцияларга кошула беришет. Азырынча мобилдик телефондор менен эле студенттер окууларга активдүү кирип жатышат. Алар дагы эртеңки күнү модуль, экзамен тапшыруу жоопкерчилигин сезип жатышат.

– Демек сиздин оюңузча онлайн окутуу менен сапаттуу, толук кандуу жогорку билим берсе болот экен да?

– Ооба, мугалим менен студент жакшы аракет кылса толук кандуу жогорку билим алса болот. Менимче, студенттерди буга көндүрүп, иштесе болот. Болгону студент да, мугалим да издениши керек. Изденген адам баарын өздөштүрүп кете алат. Жалкоо адамга шылтоо табыла берет. Мисалы, сlass-roomду ача албай, көрө албай койдум деген студенттерге өтүлгөн теманы же тапшырманы жанагы эле watsappтан жөнөтүп жатам. Бирок, университеттерге meet ыңгайлуу экен. Бизде мугалимдер үчүн “krena.кg» деген портал ачылган. Ага meetти кошобуз. Убакыт, мейкиндик боюнча эч кандай чектөө жок. Бул платформа башка платформалардай катып да калбайт экен.

Перизат АЗИЗБЕК кызы, Ж.Баласагын Кыргыз Улуттук университетинин клиникалык психология факультетинин студенти: “Онлайн билим алууда темаларды түшүнүү кыйын болуп калат экен”

– Перизат, сиз былтыр мектептин төртүнчү чейрегин онлайн окуп, бүтүрүү экзамендерин да аралыктан тапшырдыңыз. Онлайн билим алуу сизге жактыбы?

– Биз үчүн бул бир чети ыңгайсыздык болсо, бир жагынан жаңылык да болду. Ыңгайсыздыгы биз дагы башка бүтүрүүчүлөрдөй бүтүрүү экзамендерин мектепте тапшырып, мугалимдерибиз, мектебибиз менен шаңдуу коштошкубуз келген. Тилекке каршы, бул ишке ашпай калды. Бүтүрүү экзамендерин онлайн тапшырган соң күбөлүктөрүбүздү мектептен карантин убагында алдык. Чынында, мугалим менен көзмө-көз отуруп билим алуу онлайн билим алуудан алда канча жакшы экен. Себеби, онлайн билим алууда өтүлгөн темаларды түшүнүү, айтылгандарды эске тутуп калуу аябай кыйын болуп калат экен.

– Быйыл сиз жогорку окуу жайына да онлайн тапшырдыңыз. Кыйынчылыктар болдубу?

– Негизи биз июлда аттестатты колубузга алышыбыз керек болчу. Коронавирус пандемиясынын күчөп кеткенинен улам биз күбөлүгүбүздү кеч алып, жалпы республикалык тестирлөө жыйынтыгы да кеч чыкты. ЖРТнын жыйынтыгы чыгары менен эле жогорку окуу жайларга онлайн экзамен тапшырдык. Башкаларга кандай болду билбейм, жеке мага ыңгайсыздык деле болгон жок. Бирок, көп абитуриенттер айылда туруп эле окуу жайларга тапшыра алышты. Бул жагынан алганда онлайн билим алуу жакшы экен.

– Азыр онлайн билим алуу толук кандуу жүрүп жатат деп айта аласызбы?

– Негизинен сабактар ар күн сайын өтүлүп жатат. Сабактарды “class-room”, “zoom» сыяктуу интернет тиркемелери аркылуу окуп жатабыз. Эже, агайлар кадимкидей сабак өтүп, биз лекцияларды жазып, тапшырмаларды алып жатабыз. Бирок, студенттердин көбү ата-энелерине жардам берип же кошумча бир жерлерде иштегендиктен сабак убагында башка жактарда болуп калып жатышат. Кыскасы, азыр студенттин ою бир жерде болбой, үйүндө дайыма бир нерсеге алагды болгондуктан сабактарды да жакшы өздөштүрө албай жатышат. Муну мен азыр өзүмдүн жон терим менен сезип жатам.

– Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде студенттерге сөзсүз түрдө үйүңөрдө компьютер, интернет болсун деген талап коюлуп жатыптыр. Сиз окуган Кыргыз Улуттук университетинде ушундай талап коюлдубу?

– Мен “клиникалык психология” факультетинде келишимдин негизинде окугандыктанбы андай талап болгон жок. Бирок, мен окуган университеттин так илимдерге кирген факультеттеринин студенттерине компьютер алсаңар жакшы болот деген багыттама берилиптир. Бул менимче туура го. Бизге мындай талап коюлбаса дагы компьютер алышыбыз керек. Себеби, чөнтөк телефон менен онлайн билим алуу кыйын болуп калат.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”