“Кыргызстан” сапаттуу үрөн өндүрөт

Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы “Кыргызстан” мамлекеттик үрөнчүлүк станциясы 1995-жылы түзүлүп, өз ишмердүүлүгүн баштаган.

Маалыматтарга таянсак, быйылкы жылы аталган мекеме райондун дыйкан фермерлерине буудайдын “Канада” деген жаўы сортун сунуштап жатат. Бул сорт өткөн жылы райондо “Элита” үрөнчүлүк чарбасында эксперимент катары өстүрүлүп, мол түшүм алынып, дыйкан фермерлердин купулуна толуп, түшүмдүүлүгү жогору буудай сорту катары таанылган.

Чарба 2020-жылы 640 га аянтка эгин эккен. Быйыл чарба 9 га. гектар аянтка буудайдын “Урманка”, “Кап” сортторун эгип, түшүмдүүлүк гектарына 35-40 центнерден болду.