Фанара ЖУМАШОВА: Техниканын өнүккөн учурунда жаш мугалимдерге мүмкүнчүлүктөр көп

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу онлайн билим берүү системасы киргизилди. Мындай система окуучулар менен мугалимдерди бир топ түйшүккө салып койгондой. Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарындагы №3 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте 30 жылдык тажрыйбасы бар химия, биология мугалими болуп эмгектенген Фанара Жумашова менен союз убагындагы учурду эстеп жана аралыктан окутуу кандай болуп жатканы тууралуу маек курдук.

– Союз маалындагы билим берүү натыйжалуу беле же бүгүнкү билим берүүбү?

– Мен союз маалында билим берүү жакшы же бүгүнкү күндө жаман болуп жатат деп айта албайм. Азыр техниканын өнүккөн учуру. Союз мезгилинде бир темага ылайыктуу кинофильмди окуучуларга көрсөтүү үчүн, бир күн мурун лаборантка жаздырып дайындачубуз. Ал кинофильмди алып келип проектор менен көрсөтчү. Азыр болсо жаш мугалимдердин билим берүүдө мүмкүнчүлүктөрү өтө көп. Себеби компьютер, ноутбук, жада калса телефон менен керектүү материалдардын баарын таап, окуучуларга көрсөтө алышат. Техниканын мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдаланып, убакыттан уттурбай иштешсе, маалыматты кенен берип, мыкты билим берүүгө шарттар көп.

– СССР маалында бир класста 25 окуучу болуп, бир сабак 45 мүнөт болчу. Азыр бир класста 35-40тан окуучу бар. 45 мүнөт ичинде ушун- ча балага сапаттуу билим берүүгө болобу?

– Албетте, жетпейт. Негизи 25 окуучуга бир теманы түшүндүрүп, окуучулардан му рунку өтүлгөн теманы сурап, андан кийин өтүлгөн теманы бышыктоого 45 мүнөт жетет. Ал эми азыр 45 мүнөттүн ичинде 35-40 окуучуну сабакка тартып, ар бирин сурап жетишүү кыйын. Мисалы, бир класста жакшы окуган 5 окуучу сабакка активдүү катышат. Ал эми 11-12 окуучу орточо катышуусу мүмкүн, калганы болсо калып кетет. Ошондуктан СССР убагында окуучулардын дээрлик бардыгын сабакка тартып алуу үчүн карточкаларды колдонуп, окуучуларды сабакка толугу менен катыштырып, жок дегенде бир сүйлөм болсо дагы сүйлөтүп алууга аракет кылат элек. Азыр 35-40 окуучунун бардыгына көңүл коюп, сурап алуу мүмкүн эмес.

– Учурда аргасыздан онлайн билим берүү киргизилип, мугалимдерге компьютер, интернет менен иштөө муктаждыгы келип чыкты. Бул жагынан кыйынчылыктар болуп жатабы?

– Ооба, анткени мага окшогон жашы бир аз улгайып калган мугалимдер үчүн онлайн сабак өтүү кыйын болууда. Жаш мугалимдер компьютер, ноутбук менен видео сабактарды, слайддарды оңой эле даярдап, окуучуларга жөнөтүп коё алышат экен. Мен сыяктуу улгайып калган мугалимдерге техникканы үйрөнүү бир топ кыйын.

– Азыр интернетке туташуу дагы бир топ каражатты талап кылат. Сиз бир айда канча акча коротуп жатасыз?

– Мен интернетке айына 300 сом төлөймүн. Бирок ал кээде түгөнүп калат. Кошумча дагы 200 сом салам. Себеби үйдө мектепте окууган балдарым бар, алар да пайдаланышат.

– Азыр сиз окуучуларга кайсыл тиркеме менен онлайн билим берип жатасыз? Аны колдонууда кандай кыйынчылыктар болуп жатат?

– Биз zoom тиркемеси менен иштеп жатабыз. Бирок мен үчүн ал тиркеме аркылуу сабак өтүү кыйынга турууда. Бир гана мугалимдерге эмес, окуучуларга да zoom тиркемесин колдонуу бир аз татаалдыктарды жаратып жатат. Айрымдарынын телефону бул тиркемени көтөрө албай жатат. Ошондон улам вотсап менен сабак өтүү оңой десем болот.

 – Сиздерге компьютерди колдонуу боюнча курстарды өттүбү?

– Аралыктан окутуунун ыкмаларын үйрөтүү боюнча вебинарлар жана курстар өтүлүп жатат. Андан сырткары биздин өзүбүздүн мектептеги жаш мугалимдерге ноутбуктарыбызды көтөрүп барып, үйрөнүп жатабыз.

– Онлайн окутууда окуучулардын катышуусу кандай болуп жатат?

– Негизинен эле окууга башталгыч класстар активдүү катышат эмеспи. Онлайн сабакка да башталгыч класстардын катышуусу жакшы. Сабакка сөзсүз түрдө катышып, баа алганга аракет кылышат. Чоң класстагылар ар түрдүү шылтоолор менен сабакка катышуусу бир аз начар. Биздин шаар айыл сыяктуу кичинекей, көпчүлүк үй-бүлөлөрдө балдар көп. Бир эле үйдөн 4 бала окуйт. Үйлөрүндө болсо эки телефон, бир телевизор болуп сабакка жакшы катыша албай жатышат. Мисалы менин классымда 33 окуучу болсо, бирөөндө эле компьютер бар, калгандарында жок. Окуучулардын көпчүлүгү ата-энесинин телефонун колдонушат. 100 окуучунун ичинен бирөөндө телевизор иштебейт, экинчисинде антенна тартпайт. Калгандарынын баарында телевизор бар.

– Онлайн билим берүүдө мугалимдер милдеттүү түрдө ар кандай слайддарды жасап жатышат. Бир слайдды жасоого канча убакыт ке- тип жатат?

– Айрым жаш мугалимдер бат эле слайддарды жасап коюшат. Бирок мен бир слайдка 3-4 сааттай убакыт коротуп жатам. Слайд жасоого караганда доскага жазып, видео сабак кылган биз үчүн ыңгайлуу.

Асель РАМАНКУЛ кызы, “Кыргыз Туусу”