Санариптештирүү жашооңузду кандай өзгөрттү?

Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылды «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялаган. Ошондон улам «санарип” адамдардын жашоосуна кандай өзгөрүүлөрдү алып келгени тууралуу «Санарип мени кандай өзгөрттү?” – деген суроо менен сурамжылоо жүргүздүм.

 Айнура ОРОЗОВА, Ош облусу, Өзгөн району, мугалим:

– Санарип мугалимдерге техниканын жаңы мүмкүнчүлүктөрү менен таанышууга жол ачты. Ошондон улам онлайн сабактарды өтүү мага бир топ жеңилдик жаратты. Андан сырткары маянамды мурдагыдай кезек күтүп албай калдым, банк карточкасы аркылуу бош убактымда барып, кезексиз эле алам. Бул да болсо санариптештирүүнүн жашоого тийгизген жеңилдиги. Айылыбызга О! компаниясынын мунарасы орнотулуп, айыл элине алыстагы туугандары менен байланышууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мектебибизге вай-фай (Wi-Fi), видео көзөмөлдөр орнотулду. Бул болсо окуучуларыбыздын коопсуздугун бекемдейт.

Сезим КАРЫБЕКОВА, Нарын облусу, Кочкор району:

– Чынында азыркы жашоо техникага байланды десем жаңылышпайм. Анткени дүйнө эли технологиянын өнүккөн заманында жашап жатат. Быйыл өлкөдөгү кырдаал интернет технологиясы адамдарга кандай керек экенин көргөзүп койду. Компьютер, ноутбук жана смартфонду жакшы билбеген жарандарыбыз аргасыздан үйрөнүүгө мажбур болушту. Анткени бардык кызматтар онлайн түрүндө жүрүп жатты. Бир чети кызматкерлер үчүн жеңил болду, себеби алар ооруп калган болсо ишин үзгүлтүккө учуратпастан, үйдө отуруп электрондук түрдө кызмат көрсөтө алды. Бул өлкө үчүн жетишкендик. Анткени биз дагы башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөр сыяктуу бул кырдаалды жөнгө салып кеттик. Азыр адамдар акча алууда, же коммуналдык төлөмдөрдү төлөөдө кассага барып убара болбойт, ал өзүнүн телефону аркылуу эле убактысын кетирбестен үйдөн туруп, төлөй алат.

Шадин МУХИТДИШОВ, Ош облусу, соодагер:

– Санарип адамдардын убактысын үнөмдөөгө шарт түздү. Анткени азыр үйдөн чыкпай туруп, тетелефонго жүктөлгөн банк тиркемеси аркылуу акча которуп, бирдик салып жатабыз. Анын эң жакшы жери кезексиз жана дем алыш күн эле деп отурбай акчаңды каалаган убакта которуп коё аласың. Дүкөнгө барып да карточкалар менен акча төлөө бир топ жеңилдиктерди жаратты.

Аида АЖИБЕКОВА, Талас облусу, Кара-Буура району, студент:

– Санарип жашоо-турмушубузга киргенден бери көп өзгөрүүлөр болуп жатат. Мурун биз коммуналдык кызматтардын акчасын төлөө үчүн убактыбызды коротчубуз. Ал эми азыр бул нерселерди үйдөн чыкпай эле аткарып жатабыз. Бирок эпидемиологиялык кырдаалдан улам күтүүсүз эле онлайн сабакка өткөнүбүз кыйынчылыктарды жаратты. Мисалы, “zoom” тиркемесине 26 студент бир киребиз. Мугалим бизге суроо берген учурда, микрофондорубузду жандырып баарыбыз жооп бергенде аябай башаламандык жаралат. Кээ бир студенттер лекция убагында микрофонун иштетип алат, ал тараптан үндөр угулуп, мугалимдин үнүн укканга тосколдук кылат. Бул бир чети окууга болгон кызыгууңду да төмөндөтөт экен. Анан 4-5 саат бою телефон карап отуруу да ден соолукка терс таасирин тийгизет.

Асель РАМАНКУЛ кызы, “Кыргыз Туусу”