Креативдик экономика – кылым чакырыгы

Креативдик индустрия дүйнө экономикасынын эң динамикалуу өсүп жаткан түрү. Анын акыркы 10 жылдагы товар жүгүртүүсү эки эседен ашык өсүп, 600 млрд. Долларга жетти. 139 өлкөнүн креативдүү тармактарынын сап башында сүрөт искусствосу, маалымат технологиясы, туризм, илим, китеп чыгаруу, музыка, архитектура, дизайн, маркетинг, кино, кол өнөрчүлүк, музейлер ж.б. тармактар турат. Кыргызстанда креативдик ой жүгүртүүлөр, жаңы идеялар менен түптөлгөн бизнестин тармактары арбын. Учурда эксперттер, бизнес чөйрөсү экономиканын ушул багытын өнүктүрүү маселесин көтөрүшүүдө. “Азия банкынын” директорлор кеңешинин төрайымы, коомдук ишмер Назира Бейшеналиева ушул багытта иликтөө жасап, “Креативдик Борбор Азия. Кыргызстандын экономикасынын өсүшү үчүн жаңы модель” аталышта атайын журнал чыгарды. Экономиканын ушул багыты тууралуу бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн жана эксперттердин пикирлерин келтире кетели.

Башкалардын баалуу тажрыйбасы

– Мигранттардын мекенге акча которуулары алдыңкы он жылдыкта кыскара башташы ыктымал. Россиянын жарандыгын алгандар биро- толо ал жакта отурукташып, төрөлгөн балдары жергиликтүүлөр менен ассимиляциялашып кетишине болжолдор бар. “Кумтөрдөгү” алтындын кору азайып бараткандыктан, компания өз ишмердүүлүгүн токтото турган жылдар келе жатат. Андан тышкары, тышкы карызды төлөө мөөнөтү жакындоодо. Ушундай олуттуу себептерден улам, Кыргызстан улуттук экономиканы диверсификациялоого өтүшү керек, – дейт Назира айым.

Креативдик индустрия дүйнөнүн жалпы ИДПсынын 3 пайызын түзүүдө. Австралияны алалы. Акыркы 40 жылдан бери креативдик индустриясы улуттук стратегиянын негизин түзүп калган. Бул өлкө тейлөө тармагын жаңыча системада экспорттоону өнүктүрүп, андан бир жылда 5 млрд. доллар табат. Архитектура, инженердик, илимий-техникалык тейлөөлөр 1,5 млрд. долларды, компьютердик тейлөөлөр 1,4 млрд. Долларды түзөт. Австралиянын креативдүү индустриясы 594 миң адамды туруктуу жумуш менен камсыздайт. Креативдик товар чыгаруучу ишканаларда орточо маяна 76,2 миң долларды түзсө, башка жумушта иштегендер 61,4 миң доллардын тегерегинде маяна алышат. Австралияда креативдүү товарларды экспортоо 1,5 млрд. Долларга жетет.

Эми Түштүк Кореяны карап көрөлү. Кореянын өкмөтү креативдик экономиканы жаңы стратегия катары аныктап алды. Токсонунчу жылдары Корея экономикасынын “толкуну” Азия континентинде абдан чоң популярдуулукка ээ болгон. Креативдик экономиканын негиздерин жана инновацияларды окуп өздөштүрүү боюнча борборлору ачылган. Ал борборлор менен чакан жана орто ишканаларды, стартаптарды колдоп турушкан. Чыгармачылык, ойлоп табуучулук идеясы бар ар бир жаран ошол борборлорго кирип, жеткиликтүү жардам алышчу. Аталган өлкөдө креативдик товарлардын экспортунун көлөмү 2006-2014-жылдар аралыгында, баштапкы 3.8 млрд. доллардан 6 млрд. долларга чыккан. Мындай өсүш дизайнердик товарларды, улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарды, жаңы медия тармагын ж.б. экспорттоодон пайда болгон. Бүгүнкү күндө Кореянын ИДПсынын 10 пайызы креативдик экономикага таандык.

Көйгөйдү креативдүүлүк жеңет

Креативдик экономикасы бар 139 мамлекеттин ичинен Кыргызстан 111 орунда. Кыргыздын тарыхый, маданий мурастарына, кол өнөрчүлүгүнө, таланттуу дизайнерлердин саркеч кийимдерине чет өлкөлөрдүн кызыгуусу жыл сайын артып баратат. Кыргыздын боз үйү, шырдагы ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизилгени белгилүү.

Ишкерлерди колдоо боюнча мамлекет бир катар жеңилдиктерди ишке ашырууда. Товарларды экспорттоодо көйгөй чыгып калса, ишкерлер Экономика министрлигине онлайн түрүндө кайрыла алышат. Бүгүнкү күндө күркөлөрдүн, майда соода түйүндөрдүн заманы кетип, интернет дүкөндөрдүн доору келди. Бул багытта аталган министрлик тарабынан электрондук коммерция тууралуу мыйзамдын долбоору иштелип чыкты. Мындан тышкары, “Салык процедураларын фискалдаштыруу” тууралуу мыйзам кабыл алынды. Бирок, креативдик экономиканын багыттарын колдоо жетишсиз болууда. Борбор Азиядагы Америка университетинин вице- президенти Чыңгыз Шамшиев мындай дейт: “Париждеги “Лувр” музейинде эч жерде кездешпеген сейрек экспонаттар бар. Жылына 10 млн. адам келип көрөт, андан 200 млн. евродон ашык киреше түшүп турат. Ушул каражаттын 50 пайызы музейге кирген элден чогулат. Студенттерге маркетинг, компьютердик программалоо сабактарын музейлерде өткөрүшөт. Жаштардын чыгармачылык табитинин калыптанышына шарт түзүлгөн. Туризмди музейсиз элестетүү кыйын. Москвадагы “Третьяков галереясы”, Санкт-Петербургдагы “Эрмитаж” адамзаттын баа жеткис байлыгы. Биз дагы музей фонддорун байытып, жаңыртышыбыз керек”, – дейт.

Бишкектеги мамлекеттик тарых музейин өзүнүн кызматкерлери эки жолку революциядагы талоондо талкалатпай алып калышкан. Бирок, ага коррупциянын колу жетти. Чырдан башын бошото албай жаткан тарых музейи өз алапайын таппай турганы өкүнүчтүү.

Ал эми М.Фрунзенин музейине жылына 35 миңден ашык көрүүчү кирип калды. Анткени, ага аталган музейдин жетекчилигинин креативдүү изденүүсү себеп болууда. Музейдин арт-менеджери А.Тентиеванын айтуусуна караганда “Түнкү музей” долбоору шаардык интеллигенцияны, жаштарды, Бишкектеги дипломатиялык корпустардын өкүлдөрүн ж.б. контингентти өзүнө тартып жатат. Бул долбоор беш жылдан бери ишке ашырылууда. Фрунзе музейинин “Түнкү музей” иш-чарасына келген ондогон компаниялар музей жамааты менен кызматташууну сунушташууда.

Масштабдуу ишке мамлекеттик колдоо керек

Мода индустриясы, тигүү сектору бюджет толтуруучу тармак экени талашсыз. Өлкө калкынын 51 пайызын аялдар түзөт. Бирок, жумуш жоктугунан миграциянын агымы токтобой жатат. Кыргызстандын рыногу чакан болгону менен кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу дизайнердик өнөр улам алдыңкы саптарга чыга калып келүүдө.

– Москва элинин 90-жылдардагы кийингенин эстейм. Дизайнердин колу тийген көркөмдүүлүк, жаңылык менен эч кимдин иши жок болчу. Москванын ал учурдагы мэри Юрий Лужков “Садовое кольцо” аймагындагы үйлөрдүн жертөлөлөрүн бүтүндөй дизайнерлердин иштөөсү үчүн берген. Лужков орустардын дизайнерлерине: “Мен силерге жеңилдетилген кредит убада кыла албасам да, Москванын элин көркүнө чыгара кийинтүү үчүн шарт түзүп берем“, – дечү. Шаар жетекчисинин колдоосу менен даңазалуу дизайнерлер чыга баштаган. Кыргыздын жаш дизайнерлери да мамлекеттин колдоосуна муктаж“, – дейт, “Дилбар” арт-мода үйүнүн директору Д.Ашимбаева. – Ташкентте өткөрүлүп жүргөн эл аралык “Мода жумалыгын” мамлекеттин колдоосунда дипломатиялык корпус уюштурат. Ферганада, Бухарада накта жибектен, пахтадан кездеме токуу фабрикалары совет мезгилинен бери иштеп келет. Бирок, дизайнердик өнөрү 70-жылдардын деңгээлинде кала бериптир. Президент Ш.Мирзиёев ошол фабрикалардын бирине 10 млн. доллар көлөмүндөгү каражатты он жылга пайызсыз берди. Германиядан жабдууларды алдырып, фабрикага Италиядан директорду, Франциядан мыкты дизайнерлерди чакыртып алдырышты. Бир аз жылдан кийин кошуналар бизге кандай чоң атаандаш болорун элестетип көргүлө. Чакан жана орто бизнесте ресурс жок, автордук укук корголбойт, мыйзамдардын иштебегени бизге кыйын болот го деп ойлойм. Си Цзиньпиндин колдоосу менен Шанхайда, Гонконгдо өткөрүлүп келе жаткан эл аралык көргөзмөлөрдө кыргыздын кол өнөрчүлөрүнүн товарларын үч күнгө жеткирбей талап алышат. Айрым катышуучулар: “Экологиялык таза, эксклюзивдүү буюмдарды арзан сатпагыла”, – дешет. Кыргыз кол өнөрчүлөрдүн товарлары жарманкелерде таңсык экенине карабай, абдан аз көлөмдө барып жатат, – дейт.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”