«Жылтыр» бассейни 1984-жылдан бери тазаланган эмес

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июнда, Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө суткалык жөнгө салуу бассейнинин абалы менен таанышты.

Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев маалымдагандай, Совет айылындагы «Жылтыр» суткалык жөнгө салуу бассейни 1984-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Ошондон тартып, бүгүнкү күнгө чейин тазалоо жүргүзүлгөн эмес.

Аталган бассейнди реконструкциялоо менен кошумча 1000 гектар жерди суугаруу мүмкүнчүлүгү жаралат. Аны өз алдынча тазалоо үчүн жергиликтүү бийликтин каражаты жок. Буга 2-2,5 млн сомго жакын каражат талап кылынаарын департаменттин директору Таштаналиев кошумчалады.

Өкмөт башчы аталган маселе чечилерин, зарыл каражат карала тургандыгын баса белгиледи.