Премьер-министр Кубатбек Боронов: «Вирус чегинди дегенге толук негиз жок»

Өкмөт башчы эпидемиологиялык кырдаалды туура талдоо абал курчуган учурда ыкчам жана тез жөнгө салууга жардам берерин, кандайдыр бир катачылыктардын алдын аларын республикалык штабдын кезектеги отурумунда билдирди.

«Мен күн сайын учурдагы санитардык-эпидемиологиялык абал жөнүндөгү отчетту жөн жерден сурап жатканым жок. Бул бүгүнкү күндүн чыныгы абалын көрүүгө жана бизди эмне күтүп тургандыгын алдын-ала билүүгө мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда башка өлкөлөрдөгү жагдайга мониторинг жүргүзүп туруу зарыл. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн башка мамлекеттер кандай аракеттерди көрүп жатканын, негизинен кайсыл оорулар COVID-19 менен байланыштуу экендигин билүү маанилүү. Кандай гана маалымат, тажрыйба болбосун, мекендештердин өмүрүн сактап калууга жардам берет», — деп белгиледи ал.

Ошондой эле ал мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишинин ырааттуулугунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Күчүбүздү жана мүмкүнчүлүктөрүбүздү баалоо үчүн чындыкка түз карашыбыз керек.Эгерде жер-жерлерде кандайдыр бир маселелер болсо, аларды ачык жана өз учурунда айтып туруу зарыл. Облус жетекчилери аймактардагы абал боюнчаь күнүгө отчёт берип турууга тий-иш. Бул адистердин жасай турган аракеттерди так аныктоосуна жардам берет. Азыр өлкөдө кырдаал салыштырмалуу жакшы, бирок вирус чегинди дегенге негиз жок. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө кайрадан жарандардын коронавирус инфекциясын жугузган учурлары катталып жатат. Бириккен Улуттар Уюму дүйнөдөгү кырдаал начарлап бараткандыгы жөнүндө билдирүү жасады», — деди Премьер-министр.