Той болот,тойдун эртеси да болот

Кечээ премьер-министр Кубатбек Боронов ИИМ жетекчилигине Ош облусунун Араван айылындагы эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосундагы окуя боюнча тез арада иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берди.

Өз сөзүндө өкмөт башчы айыптуулар мыйзамга ылайык жоопко тартылышы керектигин белгиледи. Буга улай ал жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.

Тартип сакчыларынын айтымдарында, бул чыр 20-сентябрда кечки саат 18.30дар чамасында “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен “Биримдик” партияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда болгон. Үгүт иштеринин жүрүшүндө эки партия өкүлдөрү кайым айтыша кетип, ортодо мушташ чыгып кеткен. Натыйжада ар кандай дене жаракаттары менен 11 адам райондук ооруканага түшүп, бир кишини оор акыбалда облустук ооруканага жеткирүүгө туура келген. Ошондой эле бул кагылышта 5 унаа талкаланган.Бул факт “Бейбаштык” статьясы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып иликтөө иштери башталды.

Учурда милиция 10 адамды суракка алып жатат. Кийинчерээк дагы 12 адам бул окуя боюнча сурак берет. Аталган эки партия өкүлдөрү муну атайын уюштурулган чагым катары баалап, мыйзам бузгандар жооп берүүсүн талап кылышууда.

Социалдык тармактарда бул окуя коомчулуктун катуу талкуусун жаратып,аталган эки партия тең өлкө биримдигин өйдө коюшу керектигин жана айрым партиялар үгүт иштерине акчаларды чачып, керек жерде карапайым адамдарды опузалап жатышканын катуу сынга алышты. Эң негизгиси, кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү маанилүү болуп турганда айрым кыргыз жигиттеринин кайсы бир топко курал болуп, бирөөнү уруп-сабоого, коркутууга акысы жок. Муну бийлик өкүлдөрү да, жергиликтүү бийлик органдары да, кыргызстандыкмын деген ар бир атуул түшүнүшү керек.

Мамат АЛИК