Аты бар, заты жок тил

Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынгандан бери 31 жыл толду. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия түзүлүп,кийинки жылдары аны илим доктору жетектеп келет. Өлкөнүн облустары менен район-шаарларында уюштурулган комиссияларды өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн,район акимдери менен шаар мэрлеринин социалдык маселелер боюнча орун басарлары жетектейт.

Сыртынан караганда, бардыгы жакшы: жылыга комиссиялар бир жылдык иш пландарын алдын-ала түзүп, аларды аткаруу жагы тиешелүү комиссия мүчөлөрүнө тапшырылат. Көчөлөрдөгү көрнөк-жарнактардын мамлекеттик кыргыз тилде туура жазылышы боюнча рейддик текшерүүлөр өткөрүлүп турат.Кемчиликтерди жоюу жагы тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилерине сунушталат. Ушундай рейддик текшерүү менен буга чейин облус борбору Каракол шаарындагы “Азия центр” деп аталган жоопкерчилиги чектелген коомдун элди соода-сатык жана компьютердик оюндар жагынан тейлеген бөлүмүндө болгонубуз эсиме түштү. Катарыбызда комиссия мүчөлөрү менен бирге анын төрайымы, облустук телекомпаниянын журналисттери да бар эле. Кире беришинде орус улутундагы аял бизди кабылдаганда, биз кайдан, эмнеге келгенибиз жөнүндө билдирдик.Анын ичинде илинген бардык маалыматтар,жарыялар расмий орус тилинде гана жазылганын, “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын талабы боюнча алар мамлекеттик кыргыз тилинде жана расмий орус тилинде жазылышы керектигин расмий тилде айтып түшүндүрүп, кемчиликти четтетүү жагына бир апта мөөнөт берип эскерттик.

Кийин ал жакка кайрылганыбыздан майнап чыкмак түгүл, кайра мамлекеттик тил боюнча шаардык комиссиясынын төрайымын баш кылып, Каракол шаардык сотуна чакырып алып мамлекеттик тилди эсепке албаган “орус тилдүү мекемени текшерип, аларга мамлекеттик тил боюнча комиссиянын мүчөлөрү көрсөтмө бергендигибиз үчүн” сот комиссиянын төрайымына 10 миң сом айып пул салган чечим чыгарды. Бул сот процессине тигил айыптап кайрылган тараптан бир да өкүл келген эмес.Судья биз тарапты угумуш болуп, күбө жок эле, тымпыйып жер карап унчукпай отуруп, акырында бизди күнөөкөр кылып жогорудагыдай чечимин чыгарып койду.

Бул чечимдин үстүнөн облустук сотко кассациялык даттануу менен кайрылдык. Адаттагыдай үч судья катышып,иштин жайын териштирген болуп, акырында шаардык соттун чечимин облустук сот да өзгөртүүсүз калтырган чечимин чыгарды.

Тигил тараптын өкүлү ким экенин бу сапар да көрмөк түгүл, билген да жокпуз. Ыза болдук. Намыстандык. Пайда да, жыйынтык да чыкпады. Анткени, бул маселе боюнча, журналист,мамлекеттик тил боюнча облустук жана шаардык комиссиянын мүчөсү катарында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасына, бир катар мүчөлөрүнө кайрылып, жогорудагы окуяны ийне-жибине чейин кабарладым. Борбордук да, эркин да гезиттерге кеңири макала жаздым. Эч натыйжа да, жооп да болбоду.

Мамлекеттик тил мыйзамын тоготмок түгүл,аны тескерисинче – шылдыңдагандардын,расмий тил комиссиясынын төрайымын айыпка жыккандардын “мышыгын мыш!” деп койгонго бирөө да чыкпаганына эмне деп айтаарымды да билбейм?!.

Жээнбай ТҮРК,

“Кыргыз Туусу”