Билим берүүнү рыноктук система гана өнүктүрөт

Отуз жылдан бери билим берүүгө жаңы жетекчи келген сайын “биздин тармакта эми өзгөрүү,өнүгүү болот” деп күткөн менен биз күткөн үмүттөр турмушка ашпай келатат.Эмне үчүн? Себеби, билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткыч күчтөрү — өкмөт, ата-эне,мугалим экенин тааный албай жатабыз.

Столыпиндин реформасы азыр да актуалдуу

Өкмөт демилгечи болуп, үч тараптын ортосундагы кызыкчылыктарды көрсөтүүсү керек эле. Коом,ата-эне, мектеп өз кызыкчылыктары үчүн өнөктөшүп,өнүгүүнүн механизмин иштете албай жатышат. Бул механизм ишке ашса билим берүү ордунан алга жылмак. Ал процессти кыймылга келтирчү күч– билим берүүнүн рыноктук системасы.Атактуу реформатор П.А.Столыпин да ЖОЖдордо билим берүүнү өнүктүрүү үчүн көп түрдүү жаңы рыноктук формадагы системаны бекеринен киргизген эмес. Столыпиндин рыноктук системасынын идеясында Москва коммерциялык институту, мамлекеттик эмес археологиялык институт жана А.П.Шанявский атындагы элдик университет уюшулган. Ал Россияда алгачкы рыноктук системадагы билим берүүнүн үлгүсүн көрсөткөн.Анын идеялары азыр да актуалдуу.

Адамдар атам замандан бери өнөктөшүп жашап, иштеп келишет. Азыркы рыноктун заманында жашоонун же чарба,өндүрүш, соода тармактарында ошол процесс ийгиликтүү жүрүп, өнүгүп жатат. Себеби:карым-катышсыз коом,мекеме,ишканалар жана жеке адамдар да өнүгө алышпайт. Ал баарыбызга белгилүү. Азыр билим берүү системасындагы сапат үчүн мамлекетке, ата-энеге жана мугалимге мыйзамдуу жоопкерчилик таңылган эмес.Ортодо ооз эки гана карым-катыш бар. Билим берүүнү өнүктүрүүчү механизми же рыноктук система жок.

Социализмдин катасы

Совет доорунда түпкү натыйжага карабастан сабакка кирип-чыгып,айлык-маяна алып келгенбиз. Ал социалисттик коомдун билим берүүгө болгон мамилеси, катасы болгон. Учурда заман башка, талап башка. Активдүүлүктү,өнүгүүнү кызыкчылыктар ылдамдатат. Көйгөйлөрдү кызыкчылыктар чечет. Эл ичинде кеп бар: “Өнөктөшүүдө достук жок,кызыкчылыктар бар” деген. Кызыкчылыктар адамдардын башын бириктирет. Азыр кызмат орунду сактоо максат эмес.Кызмат колдун кири. Кызмат бүгүн бар эртең жок. Андыктан өнөктөшүү менен коомдо өнүгүүнү ылдамдатуу, иштеген тармагыбызда из калтыруу маанилүү. Жетекчи кадр үзүрлүү иштеди дегендин мааниси ошол.

Жеке өздүк өнүгүү да, бакубат жашоо да өзүбүздүн колубузда. Коомдогу ушул түшүнбөстүктүн кесепетинен,дагы эле мамлекет сүрөөнчүнүн (анын мурункудай акыбалы чектелүү) милдетин аткарып келатат. Азыркы мугалимдер да мурункудай эле жоопкерчиликсиз аткаруучу. Анткени,алардын ортосунда конкреттүү келишим, кызыкчылыктар жана рыноктук өзүн-өзү башкаруу система (синергетикалык мамиле, система) жок. Айлыктар аз. Ошондуктан дагы эле эптеп-септеп күн өткөрмөй.Билим берүүнүн өнүкпөгөнүнүн нак себеби ушулар. Бардык тармактар рыноктук мамилеге акырындык менен өтүп жатышат.

Өкмөткө да эски системаны бузуу оор болуп жатат. Өлкөдө илимий негиздүү тажрыйбалар бар,кадр потенциалы деле жетиштүү, бирок чечкиндүүлүк, тобокелчилик жок. Бул да чоң кемчилик. Мындай кыйынчылыкта жаңы билим берүүнүн системасын курууга окумуштуулар,мугалимдер жардамга келүүбүз керек эле. А окумуштуулар пассивдүү. Анткени, жашоо үчүн тиги ЖОЖдон бу ЖОЖго чуркап жүрүшөт. Алар реформадан, өнүгүүдөн түңүлүшкөн.“Сага мен тийбейм, сен мага тийбе” позициясында. Билим берүүдө рыноктук системага кааласак да, каалабасак да өтөбүз. Кеп убакыттан утулуп жаткандыгыбызда. Рыноктук системаны киргизүүдөн башка жол жок.

3000 доллар төлөп түрк лицейлерине окутабыз

Азыр эл аралык деңгээлде Кыргызстандын билим деңгээлинин көрсөткүчүн негизинен Түрк лицейлеринин бүтүрүүчүлөрү кармап турат.Анын өзү рыноктук билим берүү системасынын натыйжалуулугун ырастайт. Эгерде системаны өзгөртпөсөк мугалимдин айлыгы да, окуучулардын билим сапаты да өзүнөн өзү жогорулабайт. Билимди өнүктүрүү үчүн күрөш – бул жаратман күрөш.Билим берүү рыноктук системага өткөн соң башкаруу, өнүгүүнү рыноктун механизмдер жетектейт, жолго салат.

Түрк лицейлеринде олигарх ата-энелер бала-чакасына билим керек экен чыр-чатагы жок эле 3000$дан акы төлөп окутуп жатышат. Албетте, бирок,бардык ата-энелер ага чыдабайт. Мектептин,мугалимдердин деңгээлдерине жараша акы төлөп окутуу да жекелештирилет. Өкмөттүн да байманасы ашкан жок. Өкмөт кудурети келсе, окуучуну 9 – классты бүткөнчө бекер окутсун. Анан ата-энелер 10-11-класстарда акы төлөп окутушу керек,же окуучу эки жыл жол таптабай, кесиптик,орто окуу жайлардан билим алышсын.Кесиптик орто окуу жайларды көбөйтүү маанилүү.Коом теоретик-илимпоздорго гана эмес, таланттуу, кесипкөй жумушчуларга да муктаж.Акыркы техника, технологияларды натыйжалуу пайдалана билген жумушчулар келечекте жогорку билимдүүлөргө караганда көп пайда келтирет.Учурда аларга суроо-талап да көп.

Азыр окууга көңүлү жок окуучуну түйшүккө салып, жетелеп окутуп, каражаттар максатсыз талаага кетүүдө.Билим берүүнү уюштурууну, башкарууну рыноктук системага өткөрсөк дегеним ошондон.

Мектеп, үй-бүлө, соцпедагогдор баланын табигый жөндөмүн изилдеп, негиздүү сунуштарды берсе, окуучу өз жөндөмүнө карап, өз тагдырын өзү чечип, жоопкерчиликти моюнга алар эле. Орто билимди кимдер керектесе, алар гана алышы керек. Бардык окуучу орто жогорку билимге ээ болуу керек деген түшүнүктөн четтегенибиз туура. Бара-бара кесиптик, тармактык билим берүүгө өтүү зарыл. Бул көйгөйлөрдү рыноктук билим берүү системасына өткөндө, рынок өзү башкарып ыңгайлаштырат. Мен бул сунуштарды, идеяларды практикалык тажрыйбаларды айтып жатканым Лондон, Стокгольм мектептеринен үстүртөн болсо да таанышып, угуп, көрүп келгем.

Кызматташуу эмес,өнөктөшүү

Өнөктөшүү адамзаттын табигый өнүгүү процессиндеги мыйзамдуу жол.Иштиктүү карым-катыш болбогон жерде кризис башталат. Кеп эки же көп тараптуу өнөктөштөрдүн биринчи кезекте кызыкчылыктарды түшүнүшү жана бир чечимге келүүсүндө турат. Бул жалаң гана билим берүүдө эмес,башка тармактарда да ошондой. Сөздүн кыскасы, кызыкчылыктар келишимге алып барат,кызматташтырат,башкарат жана өнүктүрөт.

Билим берүү тармагында жоопкерчиликти,милдеттерди моюнга алган өнөктөшүү жокко эсе. А бирок, кызматташуу бар.Кызматташуу чечүүчү ролду ойной албайт. Ал кеңеш, сунуш, тажрыйба алмашуунун гана милдетин аткарат. Мурда да,азыр да, ата-эне, мугалимдин ортосунда кызматташуу болгон, болуп да келатат. Бирок,түшүмү жок. Себеби юридикалык жактан алар бири-бирине милдеткер эмес.Андыктан жоопкерчилик жок. Азыркы башкы көйгөйлөрдүн себептери кызыкчылыктардын,милдеттердин, жоопкерчиликтердин такталбагандыгында.

Азыркы кезде мектеп администрациясы менен мугалимдин ортосунда келишим түзүлөт.Келишимде мугалимдин сапаттуу билим берүүсүн, ишинин натыйжасын ачык-айкын, натыйжалуу аныктап көзөмөлдөө механизмдери, өзүн-өзү башкаруу жана кызыкчылыктардын дайны жок же үстүрт айтылган.Өнөктөштөр үчүн конкреттүү милдеттер белгисиз. Анткени,татыктуу айлык-акы төлөнбөйт.Ушул көйгөйлөрдүн кесепети билим берүүнүн, мамлекеттин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип жатат.

Дүйшөн СУЛТАНКУЛОВ