Жөлөкпулдар үчүн мамлекеттик казынадан 1,8 млрд. сом бөлүнүшү шарт

Кыргызстанда ар бир жаңы төрөлгөн балага 4 миң сомдон сүйүнчү акча берилет. «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун Жогорку Кеӊеш бүгүнкү, 21-июндагы жалпы жыйынында жактырды.

Демилгечилердин айтымында, жарандын бай же аз камсыз экендигине карабай, аталган мыйзам долбоору балдары бар үй-бүлөлөрдүн жана пенсия менен камсыз болууга укугу жок эмгекке жараксыз адамдардын, мамлекеттик жөлөкпулдарга жетүүсүн жөнөкөйлөштүрүү жана мамлекеттик жөлөкпулдар үчүн кайрылууда коррупциялык тобокелчиликти максималдуу кыскартууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Демилгечи депутат Аида Касымалиева мыйзам долбоорунда мамлекеттик жөлөкпулдардын үч түрү каралганын маалымдап, бала төрөлгөндө бир жолку сүйүнчү пул 4000 сом, андан соӊ үч жашка чыкканга чейин ар бир балага ай сайын 700 сомдук жөлөкпул берилерин айтты.

Ошондой эле, депутат  үч жана андан көп балалуу үй-бүлөдөгү балдарга 16 жашка чейин 500 сомдон чегерилерин кошумчалап, мындай сунуш изилдөөнүн натыйжасында кабыл алынганын билдирди.

Эске салсак, аталган жөлөкпулдар үчүн мамлекеттик казынадан 1,8 млрд. сом бөлүнүшү шарт.