«Төлөмүштү Кудай кыргыз элине гана эмес, бүткүл түрк дүйнөсүнө берген»

Биздин архивде Казакстандын атактуу жазуучусу, казак парламентинин мурдагы депутаты, мамлекеттик ишмер, Эмгек баатыры, маркум Абиш КЕКИЛБАЙ уулунун кыргызстандык замандаштары – Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев жана казак-кыргыз чыгармачыл чөйрөсүндөгү айрым көз ирмемдер, мамилелер, ошондой эле кыргыз искусство өнөрү, айрыкча кыргыз кино тармагы тууралуу сыймыктануу, суктануу жана сүймөнчүк менен эскерген бир окум эскерүүсү калыптыр. Окурмандарга сунуш кылуудабыз…

Декабрда мага Чыңгыз Айтматов Брюсселден чалды. Кайгылуу үнү менен: “Уктуң беле, Төлөмүш кайтыш болду,” – деди.

Алдымдагы жер коңторулуп кеткендей болду. Эгемендүүлүк күнүнөн кийин Мангыстауга апамдын кыркына чыктым. Казакстан менен Кыргызстан элдеринин эбегейсиз жоготуусу жөнүндөгү кабарга жолдон учурадым.

Эх, жалган өмүр!

Залкар адамдарды учурда, замандаштардын арасынан байкабастан, дайым өткөндөрдүн арасынан издейбиз. Канча деген улуу акылмандарды, өзгөчө ой жүгүрткөн ойчулдарды, таланттарды убагында байкабай, алардын дараметин убагында көрө албай калдык. Жашоо жөнөкөй, бирок аны алдын-ала биле албайсың.

Өткөн кылымдын 60-жылдары чыгармачыл жана маданий өсүш байкалды. Анда биз жаш жигиттер элек. Бир жолу Мухтар Ауэзовдун салттуу күндөрүнө Чыңгыз Айтматов чакырылган. Ал келбеттүү, бойлуу жигит эле. Ошондо эле дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгонуна карабастан, биз менен бой көтөрбөстөн, чын жүрөктөн маектешип, тамашалашып турду.

Абдижамил Нурпеисовдун дастарконунда Тахауи Ахтанов, Калтай Мухамеджанов, Зейнолла Кабдоллов, Аскар Сулейманов отурду. Адам затынын чоң көйгөйлөрүн талкуулап бүтүп, бир тоонун эки жагында жашаган өзүбүздүн казак, кыргыздарга кириштик. Ошондо Чыкенин көздөрү жайнап кетти. Ал чын жүрөктөн кубанып, операда – Булат Миңжылкиев, балетте – Бүбүсара Бейшеналиева, Чолпонбек Базарбаев, көркөм искусстводо – Турганбай Садыков сыяктуу таланттардын чыгышын баяндап берди. Кинематографияны өзгөчө белгилеп жатты – Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Мелис Убукеев…

Биз бир-бирибизди “баатыр” деп коюп, кыргыздардын жетишкендиктери жөнүндө ырахат менен угуп, алардын ийгилигине терең ишенип жаттык.

Чынында кыргыз киносу жаңыдан туруп келе жаткан совет киносунун боорундагы асыл куйма болгонун айтсак жаңылышпайбыз. Феллини, Антониони, Висконти, Куросава, Рой, Кавалерович, Вайда, Поллак, Крамердин көзү барда, эл аралык фестивалдардан байгелүү болуп кайтып жаткан жердештерибиз менен суктанчубуз.

Ушул устаттар казак адабиятына көп кайрылганы да жакчу эле. Болот Шамшиев койгон “Караш-Караш”, Төлөмүш Океев койгон “Көк жал” тасмалары Мухтар Ауэзовдун чыгармаларынын даражасын жогорулатты.

“Көк жал” тасмасынын съемкасы дагы деле эсимде. Ал учурда, мен “Казахфильмде” башкы редактор элем. Төлөмүштүн искусстводогу кынтыксыздыкка умтулуусун, ишинде жанын аябагандыгын көрө алдым. Ал съемканы аябагандай шыктануу менен тартып жатты, жан дүйнөсүн кыйнаган чындыкка жетмейинче өзү да тынбай, актерлордун да жанын койгон эмес. Күндөрдүн биринде Океевдин съемкасы үчүн Или дарясынын жээгине бардык. Курмаш чөгүп бараткан бөлтүрүктү сактайм деп жаткан эпизоддун съемкасы жүрүп жаткан. Бир убакта тоонун муздай суусуна тоңуп калган актер-бала – Камбар Валиев көпкө чейин токтоно албай ыйлап жатты. Ары жагында тиши-тишине тийбей титиреп бөлтүрүк жаткан. Көрсө, Камбар бөлтүрүккө боору ооруп ыйлабаптыр. Сценарий боюнча ыйлаш керек эле, бирок кандай гана суранышпасын, эч көнбөй койгондо, режиссер турган жеринен сууга түшүп, акырын билгизбей барып, баланы катуу чымчып алыптыр. Баланын байкесин аткарган Сүймөнкул Чокморов, аны араңдан зорго соороткон. Бала ушунчалык ызаланып ыйлаганынан, “таш боор” Төлөмүш өзү да чыдабай, баланын бетинен куюлган жашын аарчыш үчүн чөнтөгүнөн бет аарчысын алып чыккан.

Төлөмүш чындап таазим кылган нерсе – жасалма эмес, чындык. Ал искусстводон башты айланткан ыкмаларды издеген эмес, намысты ойготуп, чындыкты түшүндүргөн жолдорду издеген. Ал тарткан кадрлардын ар биринен дени сактык тын вулканын, сезимдердин дарыясын, ойлордун тереңдигин жана адамды бук кылган кайгыны тапса болот.

Ар бир кадрда бийик сезим, так берилген ой-толгоо, жан-дүйнөнүн кенендиги бар. Ал адамгерчиликтин бийиктигин, абройдун тазалыгын даңазалаган “акын” эле. Адилеттүүлүк, кадыр-барктын коргоочусу эле.

Төлөмүш тарыхтын көшөгөсүн тайманбай көтөрүп, калп менен анткорлуктун абийирин чеберчилик менен ачкан.

Ага казак элинин, өзгөчө Мухтар Ауэзовдун кара сөзү абдан жаккан. Ал жакта көйгөй, мүдөөлөр эки боордош элдин– казак менен кыргыздын гана эмес, бүт адамзаттыкы экенин жакшы түшүнгөн. Ал белгилүү “Абайдын сапары” романынын накта эпикалык экрандык вариантын жаратсам деп кыялданган эле. Ушул жаатта көп изденип, көп эмгектенген.

Казак көрүүчүлөрү эч качан Төлөмүштү чоочун көргөн эмес.

Ал биз үчүн ар дайым өз болгон. Аны Кудай кыргыз элине гана бербестен, бүткүл дүйнөсүнө берген. Бул ар-намыстын өзү.

Чыкенин айтымында, Төлөмүш сапарга аттанып жаткан. Москвага, анан биздин борборубуз Астанага кайрылайын деп турган. Билети да алынган экен. Бирок капысынан өңү бузулуп, аялына: “Өзүмдү жаман сезип турам, эртең чыксам болмок экен…” – дептир.

Эртеси болсо…

Көрсө, Кудай Астанадагы сейилдөөнү, өнөрүбүздүн өткөн убагын, эртеңки күнүн талкуулоону жазбаптыр.

Эми бул мээ кайнаткан өкүнүч, аткарылбас кыял болуп кала берет. Бирок биз максатына тырышып жетүүгө умтулган казак жана кыргыздын жаш муундары, дүйнөлүк маданияттын асманынан Төлөмүштүн жылдызынын жылмайган нурун табарына кынтыксыз ишенебиз.

Ал дайым жүрөктө ыйык сакталган сыр болуп, бийиктиктен нурун төгө берет.

Абиш КЕКИЛБАЙ уулу, казак жазуучусу

Даярдаган Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”