Чоң-Алайдагы кырсыктан жабыркагандарга 219 гектар жер бөлүндү

Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркаган 800дөй үй-бүлөгө 219 гектар жер бөлүндү. Бул тууралуу ӨКМ Кубатбек Боронов кечээ, 21-июнда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жерлер Кызыл-Октябрь районунун аймагынан бөлүнгөн. Учурда жабыркаган үй-бүлөлөрдү көчүрүү жана үйлөрдү куруу иштери толук жүрүп жатат. Курулуш иштерине 1 миң 947 тонна цемент, 80 тонна арматура жана 17 миң тонна кирпич жеткирилген. Ал эми жардам катары элден чогулган акча каражаттары ушул жумада бөлүштүрүлүп берилээрин Боронов кошумчалады.

Буга чейин кырсыктан жабыркагандар үчүн 250 үй курулаарын райондук акимчилик маалымдаган.