А.Баатырбеков:«Кыргызстандыктар абалдын олуттуулугун түшүнүп, жоопкерчиликтүү болушубуз керек»

Республикалык ыкчам штаб тарабынан жергиликтүү бийлик органдарына массалык иш-чараларды жана тойлорду өткөрүүгө тыюу салуу тапшырмасы берилди.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү өлкөнүн айрым райондорунда коронавирус инфекциясынын тастыкталган учурлары жана өпкөсү сезгендер көп катталып жатканын билдиришти. Бул кыргызстандыктардын бет кап тагынбай калышына жана эл көп чогулган иш-чараларды өткөрбөө талабынын сакталбай жаткандыгына байланыштуу. Тагыраак айтканда, жүргүзүлүп жаткан эпидемиологиялык иш-чаралар жана түшүндүрүү иштери жарандар тарабынан көз жаздымда калган.

Жыйындын катышуучулары кафе жана ресторандарда ар кандай салтанаттар байма-бай катталып жатканын белгилешип, массалык иш-чараларды өткөрүү жана айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү үчүн административдик чараларды күчөтүү мүмкүнчүлүгүн белгилешти.

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков пандемияны эске алуу менен Өкмөт ишкерликти колдоо үчүн антикризистик чараларды, салыктык жеңилдиктерди кабыл алганын айтты. Бирок ишкерлер коронавируска каршы күрөшүүгө жардам берүүнүн ордуна, ар кандай амалдарды жасап, адамдарды кафе-ресторандарынын артындагы эшиктеринен киргизип, тойлорду жашыруун өткөрүп жаткандыктарын белгиледи. Алмазбек Баатырбеков тойлорду жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча абал өзгөрбөсө, Өкмөт мыйзамга ылайык башка чараларды кабыл аларын кошумчалады.

Жергиликтүү бийликтин жана тармактык органдардын өкүлдөрү Республикалык штабдын тапшырмасынын негизинде коомдук жайларда бет кап тагынуу режимин сактоо боюнча көзөмөл күчөтүлгөнүн, соода түйүндөрүн жана базарларды дезинфекциялоонун графиги түзүлгөнүн билдиришти.

Биринчи вице-премьер-министр бир катар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө эпидемиологиялык кырдаал начарлаганы байкалып жатканын айтып,жарандар абалдын олуттуулугун түшүнүп, жоопкерчиликтүү болуп, Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарын аткарууга тийиш экенин баса белгиледи. Буга улай ал коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуу керек.

Алмазбек Баатырбеков Саламаттык сактоо министрлигине медициналык мекемелерде дары-дармектердин, жеке коргонуучу, дезинфекциялоочу каражаттардын жана антисептиктердин үч айлык запасын жетиштүү көлөмдө камдоо тапшырмасын берди.

Мамат АЛИК