Добуш талашкан демагогдор келе жатат

Социалдык тармактарда “добушуңду сатпа”, — деген чакырыктар, шайлоого катышкан партияларды какшык бутасына алган юморлор “жаап” жатат. “Партиялар акча берсе ала бергиле, бирок, жүрөгүңөр каалаганга добушуңарды салгыла”, — деп экрандан “кеңеш” бергендер толтура. Чын- чынына келгенде, эл “добушумду сатам” деп, бир да партлидердин дарбазасын такылдатып барбайт. Өп-чап жашап жаткан элге акча сунуштап саясатчылар өздөрү көндүрүшкөн.Азыр эл адалсынган саясатчылардын эч кимисине ишенбей калган.

Мисалы, жакында “Бир бол” партиясына кошулуп, шайлоого аттанган экс-атамекенчи Алмамбет Шыкмаматов Нарындагы эл менен жолугушууда: “Мен акталаалык туугандарга бир эле нерсени айтайын деп келдим. Акча берген партияларды шайлабагыла. Кыргызстан отуз жылдан бери ушинтип өнүкпөй келе жатат”, — деди. Айтканы калетсиз. Бирок, Алмамбет мырзанын жаңы лидери, парламенттеги “Бир бол” фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов жазында башкача айткан болчу.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу “Парламентаризм сабактары” берүүсүндө Сулаймановго: «Саясат талдоочулар партиялардын мандатынын баалары 200-300 миң долларга чыгат, ал эми 1 жарандын добушу 1000-2000 сом болот деп айтып жатышат. Буга кандай дейсиз?”, — деген суроо узаткан. Депутаттын жообун өзгөртүүсүз келтирүүгө аракет кылып көрөлү. «Азыр элде «добушуңду сатпа», деген ураандар айтылып жатат. Бирок, «сатпа» десе эле добуш сатылбай калат дегенден алысмын. Добуш сатып алуу сөзсүз иштейт.Мандаттын баасынын 300-500 миң доллар болушу, бир добуштун баасы 1000-2000 сомго бааланышы турмушта ишке ашып келе жатат. Ал эми беш жылды 365 күнгө көбөйтсөңүз 1800 күндөн ашат. Эгерде 1000 сомду 1800 күнгө бөлсөңүз күнүнө 1 сомго да жетпей калып жатпайбы. Элдин баары сатып жаткан жок. Бирок, ушундай катмар бар… Саясатчыларга ишенбөөчүлүк бар», — деп «балп» эттирген.

“Бир сомго добуш сатып алуу сиздер үчүн ыңгайлуу. А бирок мамлекеттин келечеги үчүн бул туура эмес да. Ушул маселени азыр токтотуу үчүн эмне кылуу керек?, -деген суроо уланды.

“Муну токтотуу кыйын” деп депутат жообун уланткан. — Добушту 1000 сомго эмес, жок дегенде кымбатыраак кылып, 10000-20000 сомго сатуу керек. Ошондо сиз атап жаткан 300 миң долларлык мандат, автоматтык түрдө 3 млн. долларга айланат. Эл олигархтарды ошентип жазалайт. Аларга 3 млн. долларга мандат сатып алуу пайдасыз болуп калат. Ошондо олигархтардын ордуна билимдүүлөр келишет. 2020-жылы добуш сатуу токтойт деген жөн эле популисттик ач кыйкырык», — деп, бирболчулардын башчысы жооп берген болчу.

Шыкмаматовдун жолугушуудагы сөзүнө фейсбук колдонуучулардын реакциясын карап көрөлү. Аларды өзгөртпөй берели. Эрлан Жамбаев: “Сиз бараткан партия деле акча сунуштап жүрөт”, Асель Шумкарбекова: “Силер акча таратпагансып сүйлөйсүңөр да”, Нарын Баетов:“Бир болчулар биринчи таратып баштаган”, Шайырбек Мурат уулу: “Өзүңөр канчадан берип жатасыңар, афониялар?”,-деп жазышыптыр. Ал эми соцтармактын колдонуучулары Алтынбек Сулаймановдун жогорудагы “добушту 10000-20000 сомдон сатып, саясатчыларды банкрот кылуу керек”, — деген сөзүн унутпаптыр… Анткени, депутат ушул эле пикирин 5-каналдын “Бешинчиде бешөө” теле берүүсүндө дагы кайталаган болчу.Ошол берүүгө катышкан бейөкмөт уюмунун өкүлү Айнура Усупбекова: “Сиз добушту акчага сатуу тууралуу экинчи жолу чакырык таштап жатасыз. Шайлоодон акчаны четтетүүгө аракет кылсаңыздар бул нерсе токтойт болчу», — деп чыркырап жиберген. Депутат Сулайманов өз пикирин минтип тереңдеткен: «БШКга партияларды каттатуу үчүн 5 млн. сом төлөнөт.Жалпыга маалымдоо каражаттары — Бешинчи каналы баш болуп, КТРК төш болуп жарнамага акы алышат. Артисттерге 40 миң доллардай каражат кетет. Басмаканалар, шиттердин ээлерине дагы беребиз. Эми элди акча албагыла дейлиби? Эл акчасын алсын. Акча бергендерди шайлабай башканы шайласын. Сиз муну токтото аласызбы? Бүгүнкү күндө,күч органдарынын, баарыбыздын алыбыз жетпей калгандан кийин муну ачык айтып жатам», — деген болчу.

Эми бүгүн Шыкмаматовдун сөзүнөн кийин, Усенакунов деген фейсбук колдонуучу: “Булардын 10000-20000 сомдон бере турган түрү жок го. Мурда беребиз деп коюшуп… Беришсе ойлонуп туруп кидала кылат элек”, — деп жазыптыр. Саясатчыларга айтаарыбыз,“Өзүң кылган иш, өз башыңа муш”, болуп да калышы толук ыктымал. Бүгүн көп айтылып жаткан “Акчаны ала бер,добушуңду жүрөгүң каалаганга сала бер” деген Аскар Акаевден бери келе жаткан “акылман” ойду эл жапырт айыптап калган. Бул сөзү менен саясатчылар элди эки жүздүүлүккө үгүттөп жатышканын билишпейби? Деги бул эмне деген тантырак сунуш, тарпы кеткен сөз. Добуш сатуу жана добуш сатууга чакыруу кылмыш экенин эң жогорку мыйзам чыгаруучу органда отургандар билүүлөрү керек болчу. Мына ушундай себептерден улам, электорат эски партбостордон, демагог популисттерден небак тажап бүтүшкөн. Жаңы жүздөр келсе, парламенттен жаштарды көрсөк деген ойлор бекеринен чыгып жаткан жок. Айтор,“Саясат жана колбасанын эмнеден жасалганын билбегениң оң” деген афоризм бекер жерден айтылбаса керек.

Парламенттин 6-чакырылышындагы депутаттардын басымдуу бөлүгү түрдүү партияларга кире качышып, “никелешип” шайлоодо бара жатышат. Булар Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы шайланып келип, алгачкы жыйынын баштаганга чейин легитимдүү депутаттар.Тактап айтсак, мыйзам чыгаруу бийлигинин учурдагы өкүлдөрү. Беш жыл бою Премьер-министрден баштап, бүтүндөй Өкмөттүн курамын бекитишти. Жаңы түзүлүп, шайлоого аттанган жаш партияларга караганда саясий коррупцияны четтетүүгө буларда зор мүмкүнчүлүк бар эле. Анын үстүнө, кошуна республикаларга караганда биометрикалык шайлоо системасына Кыргызстан биринчи болуп кирген. Азыркы шайлоолор заманбап технологиялар менен тейленип жатат. Бирок, шайлоонун кытмыр оюндарын саясатчылар шайлоо участкасынын сыртына чыгарып алышканы өкүнүчтүү.

Назира АЛИЕВА