Бакыт ШЕРИМБЕКОВ: «Айылыбызды алдыга жылдыруудабыз»

Аламүдүн районундагы Пригородный айыл аймагы борбор калаабыз Бишкектин бүтүндөй бир канатын улап, негизги өзөгүнүн колтугунда жайгашкан. Мезгил улам арылаган сайын бул айыл аймактын жашоочуларынын саны өсүп, инфраструктурасы заманбап шарттар менен толукталып жаткан чагы. Пригородный айыл аймагынын башчысы Шеримбеков Бакыт Кемелканович ар түркүн оош-кыйыш сыноолорго толгон ушул күндөрдө кыйынчылыктарга каршы туруп, эл камында үзүрлүү эмгектенип келе жатат.

Таза суу, спорт

– Негизинен биздин аймактын курамын 5 жаңы конуш, 4 айыл эли түзөт.Биз болсо айылды өнүктүрүү үчүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү планыбыздын негизги глобалдык маселелерине көптөгөн зарылчылык туудурган жагдайларды камтыдык. Алардын эң негизгиси – эң акыркы жаңы конушубуздун калкына акыркы 10 жылдан бери таза суу жеткире албай, кыйналып жүргөнбүз. Ушул жылы 3200 метр аралыкка таза суунун түтүктөрү тартылып, ар бир үйгө таза суу киргизилип берилди. Мурунтан пайдаланылып келе жаткан суу түтүктөрүн алмаштырып, жаңылоо дагы негизги максаттардын бири.Андан тышкары, сырттан пайдалуу инвестицияларды тартып келүүдө көптөгөн үзүрлүү иштер жүрүп жатат.Айыл аймагыбыздагы эс алуучу сейил бактын жанына спорт комплекси курулууда. Бул спорт комплексин ушул аймактан чыккан патриот инсаныбыз 5 млн. сомго куруп берип жатат. Бардык жаштарыбыздын кызыгуусун туудуруп, ден соолуктарын чыңдоодо өбөлгө түзүп, сергек жашоого чакырган заманбап спорт комплексинин курулушу жакында аяктап, калк кызматына берилмекчи.

Билим берүү –башкы маселе

Айыл аймактагы айылдарда 3 орто мектеп бар. Айыл аймак борбор калаага канаатташ жайгашкандыктан ички миграция кышы-жайы токтобой, ар качан кыймылда болуп турат. Балдарга билим берүүдө мектептин саны аздык кылууда. Мектептерде окуучулар 4 смен менен окушат. Ушул көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн Сауд Арабия мамлекетинин өнүктүрүү фондунун жардамы менен аймакта 2 орто мектептин пайдубалы түптөлүп, курулуш иштери башталды. Азыр курулуштун дубалдары курулуп бүтүп калды. Буйруса, келерки жаңы окуу жылында 375 орундуу жана 500 орундуу эки мектеп бөбөктөрдү кучагына тосуп алып, билим бешигине терметмекчи. Айыл аймактагы жаңы конуштарда социалдык объектилер жок болгондугуна байланыштуу учурда аларды куруу үчүн инвестицияларды тартып келүү күн тартибиндеги маселе болууда. Достук айылына социалдык объектилерди куруу үчүн араб боордоштор фонддон чоң жардамдарды беришмекчи. Бул иш чара титулдук баракчага киргизилип, долбоор алкагында иш башталаарда дүйнө жүзүн каптаган пандемиянын кедергиси тийип, иш убактылуу токтоп калган. Пайдубалын өздөрү баштап берүүнү каалаган араб туугандар келе албай калышып, жакынкы мезгилде бул иш ийгиликтүү ишке ашмакчы. Ал конушта бала бакча, мектеп, ФАП курулуп, эли кубанычка бата турган күн дагы алыс эмес.

Жол оңолсо –иш оңолот

Айыл ичиндеги жолдордун көпчүлүгү негизги маанидеги кан жолдор. Дээрлик бардыгы борбор калаа менен шаар сыртындагы маанилүү аймактар менен байланышып турат.Аймак четиндеги чоң мал базарларга дагы алыстан ат арытып келгендердин саны үзүлбөйт. Кызуу карым-катнашты камсыз кылган унаа жолдору дагы тез-тез оңдоп түзөөгө муктаж болуп турат.Быйылкы жылы 7 миң чарчы метр жолдор асфальтталып, оңдолду. Жакында эле 5 миң чарчы метр жер асфальтталды.

Бак-дарак болбосо,айыл көрккө келбейт

Азыр айылдын чок ортосунда жап-жашыл бак-даракка чулганган скверди пайдаланууга берүү үчүн аракеттер көрүлүүдө. Бул жерге айылдын калкы кечке маал басып келип,отуруп, эс алышат.Балдары менен сейилдешет.

Иш жүргөн жерде маселелер дагы бар

Албетте, ийгиликтер менен кошо көйгөйлүү маселелер дагы айыл башчысынын тынчын алууда. “Достук” жаңы конушунда 1000 түтүндөн ашуун калк жашаган айыл эли таза суунун азабын тартышууда. Алар турмуш тиричиликке техникалык сууну пайдаланышат дагы ичүүчү сууну алыстан ташып келип ичишет экен. Ал айылга таза суу жеткирүүнү мойнуна алган сүрөөнчүлөр пандемияга байланыштуу мамлекетибизге келе албай жатышат. Жолдор ачылса, ар бир үйгө таза суу жетет. Башка курулуш иштеринен дагы ушул суу маселесин эң ириде бүтүрүп алууну көздөп жатышат. Андан сырткары айыл аймакта узак жылдардан бери дренаждык тутумдар тазаланбай, аймакта жер кыртышына зыян келип, саздак жерлер көбөйгөн. Жер алдындагы суулар өйдө көтөрүлүп, кыйынчылыктар жаралган.Учурда саздак жерлерден арылуу үчун чечкиндүү чаралар көрүлүүдө. Чүй облустук суу чарба башкармалыгына аймакты аралап өткөн ЧЧКнын ичин тазалап берүүнү суранышкан.

Жамандыкты амандык жеңет

Пандемияга баткан оор күндөр туурасында Бакыт мырза мына буларды айтып берди: –Айылыбызда 17ден ашуун ар кандай улуттун өкүлдөрү жашайт. Алар бири-бирине арка-бел болушуп, зор ынтымакта жашашат. Ар жылы жаз,күз мезгилдеринде элибиздин ынтымагын бекемдөө үчүн көптөгөн иш чараларды өткөрчү элек. Быйыл абалга байланыштуу токтоп турабыз. Кыйынчылыкка толгон пандемия күндөрүндө муктаж болгон үй-бүлөлөргө көптөгөн жардамдар берилди. КРнын Өкмөтү тарабынан 65 тонна ун, күрүч, кант,чай, май ж.б көптөгөн азыктар калкка таркатылып берилди. Айыл аймактагы 1600 үй-бүлөнүн муктаждыктары чечилип , тамак-аштар менен камсыз болушту. Айылыбыздан чыккан ишкерлер дагы элге жардамдарды беришти. Тамак-аш, дары-дармектерден таратышып, кислород концентраттарын, бет каптарды, антисептикалык каражаттарын элге беришти. Азыр ал күндөр артта калганына кубанган элибиз даркан талааларда түшүмдөрүн жыйноо менен алек болушууда.Айыл аймагындагы 400дөн ашуун гектар жерлерде эмгектенишип, бакубат жашоо аракетин көрүп жатышат, – дейт аймактын башчысы Бакыт Шеримбеков.

Жетекчи тууралуу маалымат: Каарманыбыз 1985-жылы Токтогул районундагы Толук айылында туулуп-өскөн. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. КРнын Президентине караштуу башкаруу академиясын бүтүргөн. Аламүдүн районундагы Пригородный,Төмөнкү Ала-Арча айыл аймактарында айыл өкмөт башчыларынын орун басары болуп иштеп жүрүп, мындан 2 жыл мурун Пригородный айыл аймагынын башчысы болуп шайланган.

Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА,“Кыргыз Туусу