Алмазбек Атамбаев Дмитрий Медведев менен жолукту

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Орусияга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Орусия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев  менен жолугушту.

Дмитрий Медведев Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу тосуп алды жана азыр эки тараптуу негизде жана Евразиялык экономикалык бирликтин  алкагында биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлорду белгиледи.

“Сиздин сапарыңыз эки тараптуу кызматташуунун жана элдерибиздин достук байланыштарын чыңдоого кызмат кылат деп ишенем”,- деди Дмитрий Медведев.

Өз кезегинде президент Алмазбек Атамбаев  жолугушууга жана кызматташуунун учурдагы маселелерин талкуулап, келечектин пландарын белгилеп алуу  мүмкүнчүлүгүнө абдан кубанычта экенин билдирди.

Ошондой эле, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелер азыр таптакыр башка – бийик деңгээлде экендигин  канааттануу менен баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-Орусия кызматташуунун актуалдуу маселелери жана  мындан ары өз ара аракеттенишүүнүн келечеги талкууланды.