Конфедерациялар Кубогу: Португалия 1:0 Россия

Футбол боюнча Конфедерациялар Кубогунун 2-турунда “А” тайпасында үй ээси Орусия курамасы Португалия менен беттешип, 1:0 эсеби менен утулуп калды.

Бул оюн Москва шаарында “Открытие Арена” стадионунда өттү. Жалгыз гол 8-мүнөттө болду: Португалиянын курамасынын лидери Криштиану Роналду топту башы менен Игорь Акинфеевдин дарбазасына жөнөтө алды. Экинчи таймда Орусия эсепти теңөөгө жана алдыга чыгууга бир топ мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон.

Бул оюндан кийин Португалия 4 упайга ээ болуп, «А» тайпасында 2-орунга чыкты. Мексика Жаңы Зеландия менен ойноп, 2:1 эсебинде утту. Орусия эки турдун жыйынтыгында 3 упайга ээ болуп, 3-орунда жайгашты.