Фарид Ниязов КСДП партиясынын төрагасына биринчи орун басар болду

Президенттин коомдук башталгычтагы кеңешчиси Фарид Ниязов КСДП партиясынын төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды. Мындай чечим 21-июнда партиянын саясий кеңешмесинде кабыл алынды.

Буга чейин бул кызматты Чыныбай Турсунбеков ээлеп келген. Регламент боюнча анын ыйгарым укуктуу мөөнөтү аяктап, ал жаңы төрага орун басарды шайлоону сунуштаган.