Бишкекте айт намазы эски аянтта өтөт

Айт намазы адаттагыдай эле эски аянтта окулат.

25-июнда айт намазы эски аянтта окулаарын Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабарлады. Бирок Бишкек шаардык мэриясы тарабынан уруксат керектигин айтты.

Өз кезегинде, мэрия тарабынан айт намазы 25-июнь күнү эртең менен эски аянтта окулаары маалымдалган.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын программасына ылайык, 25-июнь күнү саат 06:30 дан тартып имам тарабынан хадистер окулуп, даават айтылат. Саат 07:00 де Максат Ажы Токтомушевдин куттуктоо сөзүнөн кийин өкмөт башчыларынын куттуктоосу айтылып, туура 07:30 да айт намазы окулат.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы майрамдык айт намазын жамаат менен окууга жүз миңден ашык адам келет деген үмүттө.