Медеткан ШЕРИМКУЛОВ, легендарлуу парламенттин төрагасы: «Кыргыз мамлекеттүүлүгү эч убакта жок болбойт!»

«Добуш сатып алуу – адам дөөлөтүнө доо кетирди»

– Ушундай эле окуя 2005-жылы, 2010-жылы болду. Ошол өткөн эки оор окуя биз үчүн тарбия дагы, тарых дагы, тажрыйба дагы болушу керек эле. Кечээги жана бүгүнкү болуп жаткан окуялар –ушул күнгө чейин биз ошол башыбыздан өткөргөн оор күндөрдөн туура жыйынтык чыгара албагандыгыбызды дагы бир жолу тастыктап жатат. Муну айтып жатканым, 2005-жылдагы март окуясы да так ушул парламенттик шайлоо туура эмес өтүп, «Биз парламенттик шайлоонун жыйынтыгына макул эмеспиз!» деп жаштар, эл, көпчүлүк көчөгө чыгып, ошол кездеги президент качып, ошол мезгилдеги бийлик урады. Мына, бүгүнкү окуянын себепчиси — 4-октябрдагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоо туура эмес өттү. Элди сатып алуу болду. Шайлоого катышып жаткан чөнтөктүү партиялар элдин кадыр-баркын, аброюн баалабастан, элибизди «акчага базардан сатып алгандай эле сатып алса болот экен» деген туура эмес кадамдарынан болду. Бул –адамдын абийирине шек келтирди. Бул – адамдын дөөлөтүнөдоо кетирди. Бул – адамга болгон сыйлабастык болду. Акыры келип, ошол партиялардын жасаган ишинин кесепетинен мамлекет дагы бир жолу чоң кыйынчылыктан, дагы бир жолу чоң экзаменден өтүп жатат. Ушуга жетиш керек беле, керек эмес беле?!

Шайлоого катышкан партиялар, өзгөчө добуш сатып алууга аракет кылгандар форма №2ни киргизе коюп, ошонун негизинен дагы бир добушка жетүүгө, чоң кепилдик алууга аракет кылды.

«Сенин кадыр-баркың – 1000 сом эмес!»

– Шайлоо башталаар алдында эле сөзсүз добуш сатып алуу болоорун айткам. Себеби, эл азыр ачка. Февралдан бери эпидемиянын аркасынан иш жүрбөй, соода болбой, карым-катнаш токтоп калды. Биздин башка мамлекеттерде иштеп жүргөн балдарыбыз ата-энелерине жиберген акчалар түшпөй калды. Эл ушундай кадамга барууга аргасыз болчу. Бул фактор эске алынган жок.

Парламенттик шайлоого катышып, шайлоо участокторун кыдырып, элдин добушун сатып алган партиялардын жетекчилерине, агитаторлоруна кайрылам.

Айланайын, Эл! Мен силерге да кайрылам. Добушуңду баланча миң сомго сатып алдыбы?! Сенин кадыр-баркың – ошол эле берген 1000 сом, 2000 сом, 5000 сом эмес! Ошол 5000 сомду беш жыл бою ай сайын катары менен берсин. Сенин кадыр-баркыңды, сенин абийириңди сатып алды! «Сен эч ким эмессиң, мен сага тыйын бергенден кийин барасың!» деди. Форма №2ни алып барып, ар кайсы жерге таратып, жаздыртты.

«Мамлекеттик иштердин баары калды»

– Мунун баарын президент көрүш керек беле? Көрүп, көзөмөлгө алыш керек болчу. Өкмөт, Жогорку Кеңеш муну көрүп, көзөмөлгө алышы керек эле. Жогорку Кеңештин азыркы VI чакырылышынын депутаттары! Көп жылдар бою силерге сын айтпай келе жатам. Азыр да сын эмес, каалоо айтам. Ушул кылганыңар туура болгон жок. Сентябрда «Округдарда барабыз» демиш болуп, бир ай бою өзүңөрдү мактап, агитация кылып жүрдүңөр. Бул жактагы мамлекеттик иштердин баары калды.

Жазып алган Турсунай АБДИЕВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *